Коррупциялык иштерге байланыштуу атайын эсепке дагы 20 миллион сомдон ашык акча төгүлдү

УКМК коррупциялык иштерден өндүрүлгөн каражаттар үчүн ачылган эсепке 20 миллион 400 миң сом төктү. Бул тууралуу бүгүн, 31-июлда аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК коррупцияга каршы күрөшүү багытындагы ишмердүүлүгүнүн алкагында мамлекетке кайтарылган каражаттардын жалпы суммасы депозиттик эсептин ачылгандан бери 129 миллион 600 сомду түздү.

Эске салсак, 22-июнда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коррупциялык иштерден өндүрүлгөн каражаттар үчүн атайын эсеп ачуу боюнча токтомго кол койгон. Эсеп ачылгандан бери аталган комитет жалпысынан 129,6 млн. сом төккөн.

Финансы министрлигинин карамагындагы борбордук казыналыктын 2018-жылдын 24-июлуна карата берген маалыматына караганда, бирдиктүү депозиттик эсепке 169 миллион 314 миң 359 сом келип түшкөн.