Финансы полициясы атайын эсепке 63 миллион сомдон ашык каражат которду

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы өкмөт тарабынан түзүлгөн укук коргоо органдарынын бирдиктүү депозиттик эсебине биринчи ирет акча которду. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы эсепке 63 миллион 362 миң 758 сом которгон. Буга чейин мамлекетке төлөнгөн акчалар Финансы министрлигинин казыначылыгынын эсебине которулчу.

Эске салсак, 22-июнда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коррупциялык иштерден өндүрүлгөн каражаттар үчүн атайын эсеп ачуу боюнча токтомго кол койгон.