Бишкек мэрлигине талапкер Азиз Суракматов кыргыз тили сынагынан өттү

Бишкек шаарынын мэрлигине талапкер Азиз Суракматов мамлекеттик тил сынагынан өттү. 

Маалыматка ылайык, тил сынагын тапшырган талапкер 2 шартты аткарууга тийиш. Биринчиси, өз программасын кыргыз тилинде жазып, аны окуп берет. Экинчиси, билет түрүндө жашырылган конверттеги чыгармадан үзүндү окуп, аны айтып берет.

Азырынча мэрлик кызматка Азиз Суракматов гана талапкер катары арызын тапшырды. Анын талапкерлигин Бишкек шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалиция көрсөткөн. Коалицияга кирбеген “Республика – Ата Журт” талапкер чыгарбай турганын билдирген.