1-августка карата аба ырайы

Кыргызстанда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жана Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Чүй, Талас Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 15…20, күндүз 25…30,

Таласта түнкүсүн 2…7, күндүз 17…22,

Ошто, Жалал-Абадда, Баткен облустарында 15…20, күндүз 28…33,

Ысык-Көлдө түнкүсүн 9…14, күндүз 20…25,

Нарында түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25 градус болот.

Бишкекте жамгыр жаабайт. Күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20, күндүз 28…30 градуска жетет.