Ленин райондук соттун имаратында конвоир өзүн өзү атып каза болду

Ленин райондук сотунда соттолуучуну соттун отурумуна алып кирген конвоир өзүн өзү атып алды. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз борбору билдирди.

Окуя 31-июлда саат 15:43төр чамасында болгон. Катардагы жоокер 1999-жылы туулган Ж.Э. аттуу жоокер табелдик курал менен өзүн ажатканадан башка аткан.

Ал алган жараатынан улам «Тез жардам» келгенге чейин жан берген.

Окуя болгон жерде Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам-тергөө тобу жана Аскер прокуратурасынын кызматкерлери иштеп жатышат.