Текебаев абактан ооруканага которулду

«Мегаком» чырына байланыштуу коррупция боюнча айыпталып, камакта жаткан Өмүрбек Текебаев 31-июлда Мирсаид Миррахимов атындагы улуттук кардиология борборуна которулду. Бул тууралуу маалыматты Жаза аткаруу кызматынын маалымат катчысы Элеонора Сабатарова ырастады.

Анын маалыматына ылайык, Текебаев өзүн жаман сезип, саламаттыгы оорлоп кеткени үчүн эмес, дарыгерлер сунушу менен которулду. 31-июлдан тартып башталган ттекшерүүлөрдүн негизинде дарылануусун улантат. Ага чейин конвой менен ооруканада болот.

Эскерте кетсек, «Ата Мекен» партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев менен кошо мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов да кармалган. Аларга «орус жараны Леонид Маевскийден 1 млн. доллар пара алган» деген айып тагылып, сот ар бирин сегиз жылга эркинен ажыраткан. Өмүрбек Текебаев №47 абакта, ал эми Дүйшөнкул Чотонов Молдовановкада №27 абакта жаза мөөнөтүн өтөп жатат.