Аман КАРМЫШАКОВ, жазуучу, этнопедагог: «Билимдүү болууга баары эле умтулат, эстүү адам болууга умтулгандар аябай эле аз»

Маектешкен Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Сүрөт: Спутник.кж

– Аман, сен акын, жазуучу эле эмес, этнопедагог катары да экинин бирисиң. Адам деген түшүнүктү алалы, жакшы адам кандай, жаман адам кандай? – деген суроо дайыма жоопсуз калат. Педагогикада алар кандай чечмеленет?

– «Адам» деген улуу сөз, залкар түшүнүк. Азырынча “адам деген дал ушундай болуш керек!” – де-ген так кесер аныктама жок жана болушу да күмөн. Себеби, жакшы адам, жаман адам дегендин өзү салыштырмалуу. Кандай болгон күндө да адам түшүнүгү ири алдыда анын инсандык жеке сапаттарына, көндүм адаттарына, ички табият касиеттерине, инсандык парасатына жана түпкүрдөн түптөлүп келген нарк-насилине байланыштуу аныкталышы зарыл деп ойлойм. Эгерде мыкты адам түшүнүгү максаттуу жашоого умтулган инсандын чынчылдык, уяттуулук, ар-намыстуулук жана көтөрүмдүүлүк өңдүү адамгерчиликтүү мыкты касиет, сапаттары болушу зарылдыгын талап кылса, начар адам түшүнүгү анын өкүттүү терс жактарын аңтара салып, талдап кароону туюнтат.

– Барып-келип тарбияга байланышабы?

– Ооба. Бүгүнкү коомдогу негизги көйгөй – бул, адамдын аң-сезимине байланышкан ички табиятынын жетик калыптанбай калышынан улам келип чыккан өксүктүү көрүнүштөр, б.а. ички-тышкы тарбиянын жетишсиздигинин натыйжасында инсандын «уялуу», «ардануу», «намыстануу» өңдүү көөдөнүндөгү «изги» сезимдеринин ойгонбой кала бериши. Анткени адамдагы бул улуу сезимдер анын ар кандай каталыктары менен кемчиликтерин теске салууда эбегейсиз чоң кызмат кылат. Улуу муундар жаш муундардын дал ушул аялуу сезимдерин ойготкончолук жетик тарбия бере албай жатабыз! Адамдын жан дилин аруулукка үндөгөн сезимдерди ойгото албасак, анда адам өзү кетирген каталыктары менен кемчиликтерин да оңдоого жөндөмсүз бойдон кала бе-рет.  Белгилүү  окумуштуу С.Байгазиевдин: «Өлкөнүн сакталып турушу, өнүгүшү жана анын чыңдалышы, ан-да жашаган элдердин элдик педагогикасына  негизденген таалим-тарбиялык механизмдери  иштегенде  гана ишке ашат» деп айтканы бар. Каалайбызбы же жокпу, тарбия маселеси улуттун улут болушу менен байланышкан улуттук саясаттын ажырагыс бир бөлүгү, ага мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулушу кажет.

–  Чыңгыз  Айтматовдун:  «Канткенде адам уулу адам болот?» – деген суроосуна жообу табылдыбы?

– Жок, табыла элек, табылбайт го, сыягы. Кеменгер жазуучу өзү да бул суроонун жообун таба алган эмес. Себеби, ал суроого ар бир адамдын өзүнүн жообу бар. Адам болуунун таасын жолу – бул, адамдын өзүнө өзү сынчыл көз менен карашын жана өзү кетирген катасын моюндап, ал үчүн уялып, аны жоё билүүнү талап кылат. Элибизде «башы тоголоктун баары эле адам эмес», – деп эскертип, адамды тереңирээк ойлонууга үндөгөн улуу сөз бар. Бул, адам болууну максат кылган адамга, адам деген ыйык атты бийик кармашы зарылдыгын туюнтуп, өзүнө чоң жоопкерчилик алышына коюлган талап. Албетте, адам өзү табиятынан инсандык жакшы сапаттарга муктаж. Демек, адам болуу үчүн, алды менен адам өзүнө инсандык мыкты сапаттарды калыптандырышы зарыл. Биз адамдар, адамды жакшы-жаман деп, экиге бөлүп, адам тууралуу адам өзү жараткан ойлор менен түшүнүктөргө, иликтөөлөр менен тажрыйбаларга таянып жашап келебиз. Ал түшүнүктөр кылымдарды карыткан элибиздин элдик педагогикасында да эстутум аркылуу сакталып, эстутум ар-кылуу уланып келген. Тилекке каршы акыркы мезгилдерде жаштар ошол эстутумдун маанисине анчалык көңүл бурбай келет. «Акылдуу, билимдүү болууга бардыгы умтулат, бирок, эстүү болууга умтулгандар өтө эле аз, ошондуктан элибиз айрым кемчилик кетирген балдарды акылың бар, эсиң жок! – деп, нааразы болуп келет». Мени өкүндүргөн маселе – бүгүн билим берүү тармагында баланын акылын өстүрүүгө багытталган билим берүүгө негизги басым жасалып, баланы эстүүлүккө тарбиялоонун зарылдыгы анчалык эске алынбай жатышы.

– Элибизде мыкты адамды «төрт тарабы төп адам» деп жогору баалап келген эмеспи, кептин учугун ушул өңүткө бурсак дейм?

– Бул суроонун түпкү жообу, элибиздин элдик педагогикасында жатат. Ошондуктан ал бизден теманы тереңирээк ачып берүүнү талап кылат. Ырас, элибизде адам болуунун эң жогорку баасы «төрт тарабы төп адам» деп аныкталган. Аны чечмелеп түшүнүү үчүн алды менен «төрт» деген сан-га байланышкан түшүнүктүн төркүнүн иликтеп алышыбыз керек. Мында «төрт» деген түшүнүк кайдан келип чыккан? Эмне үчүн «үч» же «беш» тарап эмес, «төрт» тарап? Деги эле бул түшүнүк эмнеге негизденет?

  1. Кыргыз эли өзүнүн турмуштук бардык муктаждыктарын камсыз кылган негизги байлыгы болуп саналган – «төрт аяктуу» малын «төрт түлүк» деп атаган.
  2. Элибиздин Улуттук баш кийими – калпак төбөсүнөн ылдый төрт бөлүккө бөлүнгөн.
  3. Кыргыз элинин боз үйүнүн түндүгү да, анын ички бөлүгү да төрт бөлүккө бөлүнүп, – «төр», «босого», «ыпча», «эпчи» деп аталат. Боз үйдүн архитектуралык курулушу – түндүк, уук, кереге, жана босого деген негизги төрт жабдыктан турат.
  4. Кыргыз элинин турмуш-тиричилигин камсыздаган тамак-аш бышыруучу негизги эмереги – казандын төрт кулагы бар. Акылман элибиз ага карата “казанчынын өз эрки кайдан кулак чыгарса” деп, кесипкөйлүк демократия белгисин камтыган макал жаратышкан.
  5. Кыргыз жергеси “жаз”, “жай”, “күз”, “кыш” деп аталган төрт мезгилден турат. Ошондуктан жазгы конуш, жайлоо, күздөө, кыштоо деп, конуштары да төрткө бөлүнгөн.
  6. Адамдын төрт тарабы – алды, арты, оң жагы, сол жагы бар. Ал илимде түштүк, түндүк, чыгыш, батыш деп таанылган.
  7. Бардык жагы бирдей форма «төрт бурчтук» деп аталат.
  8. Адамзат баласы төрт бурчтан турган, там-үй салып, түбөлүк жашап келет. Төрт буттуу отургучка отурат. Төрт дөңгөлөктүү машина айдайт.
  9. Элибиз ак жол каалап, ак бата берсе да алакан жайып: “төрт тарабың кыбыла” – деп, кудай сүйгөн тарапты көрсөтөт. Демек, элибиз үчүн төрт деген сандын орду терең. Мына ошондон улам адамды баалоонун чен-өчөмүн да ушул санга негиздесе керек деп ойлойм.

– Сиз «төрт», «төрт тарап» деген түшүнүктөрдүн келип чыгышы жана орду жөнүндө жакшы ойлорду айтып өттүңүз, эми, мына ошол сиз кеп кылып отурган «төрт» санына байланышкан адамдын «төрт тарабын» баалоонун критерийлери аныкталганбы?

– Кеменгер кыргыз эли, мыкты адамды “Адамдын адамы” деп, урматтап сыйласа, ар тараптан кынтыксыз, “телегейи тегиз” кишини “төрт тарабы төп адам”деп барктап баалап келген экен. Акыйкаты бул адам таануунун өрнөгү. Адамды баалоонун эң жогорку чен-өлчөмү. Адам үчүн мындай жогорку баага ээ болуудан өткөн сыймык жок. Бирок, биздин акылман бабалар ошол телегейи тегиз, эч бир жагы кынтыксыз, мыкты адамды баалоодо анын төрт тарабын эмнеге негиздеп, кантип аныктаган? Мына ушул өңүттө ой жүгүртсөк, ал адамдын турмуштан алган ордун көрсөтүп берет экен. Алсак; биринчиден; адам турмушта жеке адам катары адамдык сапаттарга, касиеттерге, кулк-мүнөзгө, жана жүрүм-турумга ээ. Экинчиден; ал кандайдыр бир үй-бүлөдө, бала, кыз катары, же аял, эне, ата, күйөө катары жашайт. Үчүнчүдөн; ал кандайдыр бир кесипте эмгектенүү аркылуу өзүн же үй-бүлөсүн каражат менен камсыз кылып жашайт. Төртүнчүдөн; ал коомдун мүчөсү же мамлекеттин жараны катары өз жоопкерчилик, милдеттерин аркалайт. Мына ошондон улам, адамды баалоонун төрт критерийи келип чыгат.

Адамдын жеке инсандык сапаттарына карап  баалоо.Анын рухий-адептик сапаттарына, т.а. сылыктыгы, кичипейилдиги, чынчылдыгы, адамгерчилиги, боорукерлиги, камкордугу, көтөрүмдүүлүгү, сабырдуулугу, кең пейилдиги, марттыгы, чечкиндүүлүгү өңдүү жеке сапаттарына карап баалоо жана анын алдыга койгон максатынын канчалык тактыгына, жасаган ишинин келечектүүлүгүнө, ой-туюмунун заманга шайкештигине, заманбап технологияларды түшүнүп, пайдалана билген сергектигине, акыл-эстүүлүгүнө жана ак-ниеттүүлүгүнө карап баалоо.

Үй-бүлөдөн  алган  ордуна  карап  баа берүү. Эгерде ал аял болсо, күйөөсүнүн алдында аялдык милдеттерин терең сезген сүйүктүү жарбы? Балдарына мээримдүү камкор энеби? Үй-бүлөнүн кутун учурбай, ынтымак үчүн күрөшүп, аны жан-дили менен сактап калууга дилгирби? Дос-курдаштары, кошуна-колоңдору  менен  карым-катышта  берекелүү “жайыл дасторкон” болууга аракет кылабы? Эгерде ал эркек болсо, өз үй-бүлөсү үчүн татыктуу кам көрүп, балдарына аталык касиет, таасирин тийгизе алабы? Үй-бүлөсүнүн ар-намысын, кол тийгистигин бийик сактап, тута алабы? Өзү курган түнөгүн, түгөйүнүн жасап берген тамак-ашын баалап, үй-бүлөсүнүн ишенимдүү түркүгү, тиренер таянычы болуп берүү жоопкер-чилигин сезеби? Ал эми бир туугандарыначы, бир тууган катары өз орду, салмагы, кадыры канчалык? Кошуналары менен карым-катыш түзүүдө ынтмактуу мамиле сактайбы? Адистик-кесипкөйлүк чеберчилигине карап баа берүү. Ал өзүнүн ээлеп турган  кызматына  же  ишине адистик-кесипкөйлүк билим деңгээли төп келеби? Кесиптик көз карашы жетикпи? Ал иштин  талабы  жана  табияты боюнча топтогон маалыматы, кесиптик тажрыйбасы молбу?  Ишине  чыгармачы-лык менен мамиле кылабы? Кесиптик-адистик чеберчилигин арттырууга кызыгабы?

Анын ишинин жакшы таасири башкаларга тиеби? Коом, мамлекет үчүн кылган  өрнөктүү  эмгек-терине карап баалоо.Ал өзү жашаган ата-журтунун, ата-мекенинин, элинин, мамлекетинин алдында жарандык жоопкерчилик милдеттерин терең сезип, жетик тааныйбы? Өз өлкөсүнүн мыйзамдарын сыйлайбы? Эли, өз өлкөсү үчүн кандай пайдалуу же өрнөктүү эмгек жаратты?

Мына ушул өңүттөн алып, адамдын жакшы жактарын баалаганда чынында эле «төрт тарабы төп адамдын» татыктуу бир модели келип чыгат экен. Демек, биздин бабалардын адамды баалоодогу өтө терең ойлору анын кеменгерлигинин, акылмандыгынын үлгүсү катары биздей урпактарына нукура өрнөк болуп калгандыгын, ал биздин улуттун өзгөчөлөнгөн менталитетин көрсөтүп турганды-гын баса белгилегим келет. Дүйнөдө Япония, Кытай өңдүү өз элинин табиятына, дүйнө таанымына жана турмуштук өзгөчөлүктөрүнө жара-ша өнүгүү багытын тандап алган бир катар өлкөлөр азыркы ааламдашуу доорунун ээ жаа бербеген агымына туруштук бере алгыдай ишенимдүү жолго түшкөн. Кыргыз элинин билим берүү тармагындагы окуучуну баалоо системасын-да да жогорудагы элдик педагогикалык өзгөчөлүктөр эске алынса деген максатта, окуу тармагында эң мыкты окуган окуучуга коюлуучу жогорку баа анын төрт тарабынан каралып, «5» эмес, «4» деп бааланса деген аруу тилек ме-нен, өлкөбүздүн билим берүү иштери менен алпурушкан окумуштууларына ушул орундуу ойду сунуштагым келет.

Өзүн сыйлаган эл, ар тараптан жетик ойлонушу жана башка элди туурай бербеши керек дешет. Ал өзүн таа-нып билүүдө жана баалоодо өз элинин улуттук менталдык өзгөчөлүктөрүн жана дүйнөтаанымын сөзсүз эске алышы зарыл. Анда ал элдин баалуу дөөлөттөрү – улуу тарыхы, салты маданияты жана эстутум казынасы камтылган. «Эстутум – адамдын кабылдоо сезиминин табигый касиети, ошондуктан эс адамды ар кандай начар иштерден алыс болууга үндөп турган аң-сезимдин күчү катары кызмат кы-лат, ал эми акыл – бул билимдин жемиши». «Адамдар билимдүүлүгү менен акылдуулугун бардык учурда эле көрсөтө алат, бирок, ал тилекке каршы кээде өз табиятына тиешелүү эстүүлүгүн көрсөтө албай калат». Белгилүү этно педагог, маркум С.Иптаров айткандай, адам болуунун чеги жок, бирок, анын жолу, талабы жана жогоркудай чен-өлчөмдөрү бар. Адам болуунун жолу – улуулар көрсөткөн өрнөктүү жол. Болгону аны өз кезегинде туура пайдалануу зарыл!