«Жүрөк сыры» деген чыгармам менен көп ырчылар наам алышты»

Шабдан АБЫЛГАЗЫ уулу, “Кыргыз Туусу”


Россиянын Новосибирск шаарында 8-15-июль күндөрү “Играй гармонь” аттуу Г.Заволокиндин 70 жылдыгына арналган 5-эл аралык фестиваль болуп өттү. Ага Кыргызстандын атынан аккордеончу Догдурбай Урмамбетов катышып келди. Аталган фестивалга 10дон ашуун мамлекеттен келишкен 1500дөй ашык гарммонисттер жана ар кыл ансамблдер катышты.

– Жакында эл аралык сынакка катышып келди деп угуп калдык?

– Аталган сынак Новосибирск шаарында болду. Ал накта элдик майрам катары абдан шаңдуу, кызыктуу өттү. Мисалы үйдөй болгон чоң “Гармонь эстелигинин” жана “Звонница” мунарасынын ачылышына катыштык. Ошондой эле “Балта майрамы” деген ярмаркасы концерт менен коштолду. Бул фестиваль бешинчи жолу өтүп жатканына карабастан Кыргызстандан өкүл катары алгачкылардан болуп мен катыштым. Ошондой эле биринчи жолу Африка континентинен катышуучулар келишиптир. Фестиваль 11-июлда Новосибирск шаарында борбордук көчөдө параддан өтүп, 15-июлда гала концерт менен жыйынтыкталды.

– Ал фестивалга кандайча барып калдыңыз?

– Бул фестивалга чакырылып калганым мындайча болгон. 2017-жылы Италияда 42-эл аралык фестиваль болгон. Ал жакта Франция, Германия, Кытай жана башка мамлекеттерден 2 миңге чукул адам катышып, 30 пайыбыз “дипломант” болгонбуз. Дал ошол жерден Геннадий Заволокиндин баласы За-хар Геннадиевич менен таанышып калгам. Быйыл ал атасынын урматына уюштурулуп жаткан фестивалга чакыруу жиберген экен. Ошол чакыруунун негизинде барып катыштым. Абдан кызыктуу болду. Атайын сыйлыктар уюштурулуп, Россиянын “Биринчи каналына” фестиваль тууралуу атайын программа даярдалып, буюрса жакында эфирге чыгып калат.

– Адатта, чыгармачыл адамдар сыртка чыкканда демөөрчү издеп калышат. Сиз кандай кылдыңыз?

– Чынында мындай маселе бар. Анткени мамлекетте каражат тартыш. Ал эми аталган фестивалга барып келүүмө өзүмдүн кызым жардам берди. Ал “Лира Севень” деген ысым менен ырдап, бир канча жылдан бери Түркияда жүрөт. Ошол кол кабыш кылды. Мындан тышкары ЖК депутаты Максат Сабиров бир аз демөөрчүлүк кылды.

– Жалпы канча обонуңуз бар? Жана кайсы акындар менен иштешип жатасыз?

– Жалпы 200дөй обонум бар. Акындардан Темирбек Алымбеков деген акын менен иштешип жүрөм. Күчтүү акын, ырла-ры дароо обон сурап турат. Ошондой эле Бактыгүл Чотурова, Жыпар Исабаева деген кыздарыбыздын чыгармаларына обон жазып жүрөм. Жалпы 15 чакты акындар менен иштешип, алардын ырларына обон са-лууда кээде буйрутма менен, айрым учурда өзүмө жагып калып жазган учурлар болот. Аккордеон, комуз ж.б. он чакты аспапта ойногондуктан, табитке жараша кылып жазып турам.

– Ыр тандап жатканда көбүнчө эмнеге маани бересиз?

– Мурда текчемде 15-20 акындын китептери турчу. Анан “мага чыгарып бер” деп калышчу. Учурда 50-60 ырдын ичинен 2-3 ырды тандайм. Ильхом келгенде обонго салып коем. Өзүм мекенчилдик ырларга басым жасайм көбүнчө. Мисалы “Саякбай” коомдук фондунун, “Замандаш” партиясынын, Тарых институтунун, Исхак Разаков атындагы университеттин ж.б. гимндеринин обонун жазып бердим. Андан тышкары өзүмдүн кичи мекеним Жети-Өгүз районунун Дархан айылынын гимнин обонго салып бергем. Мекенчил, Ата-Журтка багытталган ырларым ар кандай сы-нактарда жеңүүчү болуп жүрөт. Лирикалык багыттагы ырларым деле жок эмес. СССРдин эл артисти Кайыргүл Сартбаеванын атка-руусундагы “Жүрөк сыры” деген чыгармам Москванын  Чоң  театрында  аткарылган. Бул  чыгарма  менен  көп  ырчылар  “Эмгек сиңирген” деген наам алышты.

– Кайсы аткаруучулар менен иштешип жүрөсүз?

– Мен иштешип жүргөн ырчылар Гүлзат Байзакова, Салима Балтаева, Бакыт Убукеев, Кутман Жолдошев, Асель Турдалиева, Динара Акулова дагы көп. Кийинки ырчылардан Эркайым Арунова деген кыз 7-8 чыгармамды ырдап жүрөт.

– Чыгармаларыңызды кантип алып кетишет? Атайын тапшырык береби?

– Өзү акын, ырчы, обончу чогуу иштесе абдан оңой болот экен. Акын ырын алып келсе, ага обон чыгарган соң аткаруучунун үнүнө жараша “оранжировкасын” жасатса, кыйла жеңил болот. Мисалы мурда обон жазып, ага сөз таппай көп убара тартчумун. Азыр сөзгө обон сала калам. Ошол оңой жолу. Кээ бир учурларда өзүм деле калем кармап, ыр жазып коймоюм бар. 8 обонумдун сөзү өзүмө таандык, бирок “бөдөнөнү сойсо да, касапчы сойсун” дегендей бул ишти акындарга берсек, сапаттуу чыгарма болот.