Алтыбай НАЗАРКУЛОВ, Айыл чарба илимдеринин доктору, профессор: «Чыңгыз Сталиндик стипендия менен окуду»

Жыпар ИСАБАЕВА, «Кыргыз Туусу»


–  Алтыбай  ага,  студент  кезде Чыңгыз Айтматов менен окууга бирге тапшырып, бирге окуп, бир бөлмөдө жашаган экенсиз. Таанышкан күнүңүз эсиңиздеби?

Алтыбай НАЗАРКУЛОВ

–  Чыңгыз  экөөбүз  1948-жылдын  ав-густ айынын аягында Айыл чарба институтунун  зоотехникалык  факультетинин кабыл алуу комиссиясында жолуктук. Комиссия  мүчөлөрү:  “Жатаканада  орун  аз, шаарда  туугандарыңар  болсо,  ошолордукунда  жатып  окуй  аласыңарбы?”  –  дешти.  Чыңгыз  –  Таластан,  мен  –  Токтогулдан  келгенибизди,  шаарда  жашай  турган деле  үйүбүз  жок  экенин  айтсак,  колубузга жолдомо берип, студенттик жатаканага жөнөтүштү.

–  Келечектин  генийи  менен  баратканыңызды анда кайдан билмек элеңиз?

–  Анан  эмне…  Ошентип,  жатаканага келсек, комендант биздин жата турган бөлмөбүздү көрсөтүп, колубузга бирден жаздык кап, эскилиги жеткен эки шейшеп, бир одеал, матрастын кабын берип: “Талаада саман бар, кабыңарды толтуруп келип, ошонун үстүнө жатасыңар”, – деди. Баса, темир керебеттин ортосу ачык, сырткы корпусу эле бар экен. Аны толтуруш үчүн талаадан

темир-тесек, тактай, фанер чогултуп келип, камылгабызды көрүп алдык.

– Кирүү экзамени деген жок беле?

– Ошол, кирүү экзаменге чейин абитуриент болуп келип, жатакана алып жатпайбызбы. Анан жатып алып даярдандык да. Ошентип, экөөбүз тең сынактарды жакшы тапшырып, студент болуп калдык.

– Айтматовдун башка студенттерден кандай өзгөчөлүктөрү бар эле?

– Жакшы окучу. Биринчи жарым жылдыкта акчасы жок, балдардан карызга сурап кыйналып жүрдү. Экинчи жарым жылдыкта  экзамендерди  жалаң  “бешке”  тапшырып,  Сталиндик  стипендия  менен  окуп, биз кайра Чыңгыздан карызга акча сурап калганбыз.

– Стипендия канча сом эле?

– Он алты сом болчу. Атайын студенттер үчүн даярдалган ашканада 15 тыйынга тоюп алчубуз.

–  Ошондо  эле  чыгармачылыкка шыктуу экени байкалчу беле?

– Орус элинин классикалык чыгармаларын көп окучу. Кийин, 1953-жылы окуубузду бүткөндө бөлүштүрүү комиссиясы Чыңгызды Кыргызстандын Мал чарбасы боюнча илимий институтуна илимий кызматкер, мени Айыл чарба министрлигинин башкы зоо-техниги кылып жиберишти. Кийинчерээк Чыңгыз журналисттердин бир жылдык кур-сун бүтүрүп келип, жаза баштады. Азыр үйдө курсташымдын ар бир китеби бар…