«Чоң-Туз» бизге чоң жардам берди»

Назарбек БАЙЖИГИТОВ, «Кыргыз Туусу»


Шахтанын кире бериши

Айтылуу «Чоң-Туз» дарылоо-денсоолукту чыңдоо борбору табигый туз катмарларында казылган шахтанын (үңкүрдүн) ичинде туздуу аба менен дарылоочу шыпаа жай. Ал Нарын облусунун Кочкор районунда, өрөөндүн түштүк-батыш тарабында, деңиз деңгээлинен 2100 метр бийиктикте, райондун борбору Кочкордон 25 чакырым алыстыкта тоонун боорунан орун алган. Шахтадагы туздун майда кристаллдык күкүмдөрү өпкө, дем алуу органдарынын оорусу менен жабыркаган бейтаптардын бронхаларына сиңип, дарылык касиетин тийгизет.

Алтынай БАЙТЕРЕКОВА, «Чоң-Туз» дарылоо-денсоолукту чыңдоо борборунун администратору:

-Бронханын  илээшме чел кабыктарынын, брон-хиалдык астма (дем кыстыгуусу)  ооруларын жана аллергияны дарылоодо жана башка дарттарды  айыктырууда «Чоң-Туз» шахтасынын натыйжалуулугу көп жылдык практика жүзүндө далилденген. Бейтаптарга сапаттуу кызмат көрсөтүүгө бизде бардык шарттар түзүлгөн. Алар каалоолору боюнча эки адамдык коттедждерге же жартылай люкс, люкс бөлмөлөргө ор-ошо алышат. Санаторийдин ашканасы үч маал тамак менен камсыз кылат. Бейтаптар кечки саат 7ден кийин тоо ичиндеги туз шахтасына жеткирилип, түнкү саат 10го чейин атайын дем алуу машыгууларын жасашат, далисдерде ары-бери басып жүрсө да болот, каалагандар бильярд, теннис, шахмат ойнойт, балдар лазердик телеэкрандан мультфильмдерди, чоңдор кинофильмдерди көрүшөт. Бейтаптарга шахта ичинде уктоосу үчүн бөлмөлөр, таза төшөк-орундар берилген. Алар таңкы саат 7ге чейин туздуу аба менен дем алып укташат. «Миң уккандан бир көргөн» демекчи, кардарларды биздин борбордо ден соолугун чыңдап кетүүгө чакырабыз. 7 жашка чейин балдар үчүн дарылануу акысы арзандатылган. Санаторий декабрь жана январь айларынан башка жылдын он айында кызмат көрсөтүүгө даяр.

Гүлмира ЖАНАЛИЕВА, шыпаа жайдын дарыгери:

-Биздин  санаторий,  негизинен,  бронхит,  бронхиалдык  астма, өпкө, дем алуу органдарынын өнөкөт оору ларын, аллергия, полиноз, тонзиллит, ларингит, мындан тышкары невроз, неврастения, богок ооруларын дарылайт. Гипер-тония, жүрөк, онкологиялык жана кургак учук  оору су барларды кабыл албайт. Кардар флюорогра фиялык тастыктамасын ала келүүсү керек.

Дарылануу кышы-жайы +8 градустук температурада болгон туз шахтасында жүргүзүлгөндүктөн жылуу кийимдерди да алып келүү зарыл. Борбордун медайымы шахтага баргандарга туу ра дем алуу ыкмасын үйрөтөт. Бул өтө маанилүү. Өпкөгө туз күкүмдөрү сиңсе, андагы түтүкчөлөр кеңейип, дарылануу натыйжасын берет. Тажрыйба көрсөткөндөй, туз шахтасы дем алуу органдары жабыркаган бейтаптардын 90 пайызына жардам берүүдө. Демек, он адамдын тогузунун сакайып кетүүсүнө мүмкүндүк жаралат. Деми кыстыгып, баса албай келгендерден айыгып кеткендер арбын. Дарылануу мөөнөтү 10 күндөн 16 күнгө чейин. Жылына бир ирет катарынан үч жыл келгендер жакшы натыйжага жетишүүдө.

Айгүл КҮЗЕНБАЕВА, Казакстан, Кызылорда облусу, Кармакчы району, бала бакча башчысы:

– «Чоң-Тузга» биринчи жолу келдим. Интернеттен ушундай шы-паа жайдын бар экендигин билип, бронхиалдык дарты бар 74 жаштагы чоң апам менен чогуу келгем. Мен ар кандай заттарга аллергиям  кармап  чүчкүрө  берем, шүгүрчүлүк, мында 10 күн болуп, ал басаңдагандай болду. Түн мезгилинде туз шахтасында дарыланып, күндүз таза абадан дем алып, сергип калдык. Апамдын да абалы түзүк. Таасири чоң сыяктуу. Көңүлүбүз көтөрүлүп, эми жакшы маанайда айылыбызга кайтканы жатабыз. Чоң апам экөөбүз, буюрса, келерки жылы да бул жакка келели деп чечтик.

Жыпар ТОЙЧУЕВА, Жалал-Абад облусу, Сузак району, мугалим:

– Бронхиалдык астма менен ооруп жүргөм.  Врачтар  ооруңуз күчөбөй турганда «Чоң-Тузга»  барып, дарыланыңыз  деген. Биринчи жылы келгенимде эле жыйынтыгы байкалып калды. Дары ичсем дагы сакайып кете албай кыйналып жүрчүмүн.  Жөтөлүм азайып, оңолдум. Ошентип, быйыл катарынан үчүнчү ирет келдим. Бул жолу — профилактика катары. Экинчи келгенимде кайынсиңдим 15 жашар Фазлиддин деген  уулун кошуп жиберген. Быйыл экөөбүз дагы да келдик. Анын да ден соолугу жакшырды.

Абдрахман ПУСУРОВ, жеке ишкер, Түштүк Казакстан, Шымкент шаары:

–  Бронхит  оорусунан  жапа чекчүмүн. Быйыл оорунун алдын алуу максатында төртүнчү жолу келдим. Он күн туз шахтасында дарыланмакчымын. Биринчи келгенимде эле мен үчүн натыйжалуу болду, энтиккеним басылды. Учурда дары ичпей жана врачтарга да кайрылбай калдым.

 

 

Светлана ЕЛЬЦЕВА, Россия , Екетаринбург шаары, эконмист-бухгалтер:

–  Кыргызстанда «Чоң-Туз» санаторийи бар экендигин интернеттен көрүп, баламды (Романды) дарылоого алып келдим, өзүм да профилактикадан өтүп жатам. Кыргызстанга биринчи  келишибиз. Балам экөөбүзгө бардыгы жакты — бул жердин табияты, адамдары, тейлөөсү, албетте, эң башкысы дарыланууга бардык шарттардын түзүлгөнү. Туз шахтасынын абасы өпкө түтүктөрүн кеңейткенден болобу, дем алуубуз жеңилдеп калды. Бул жолу он күн болуп, кийинчерээк дагы да келмекчибиз.

Игорь КОВАЛЕНКО, Москва шаары:

– «Чоң-Тузга» жетинчи жолу келип жатам. Өнөкөт полиноз жана аллергия дарттарым бар. Алгач ирет 1990-жылы келип, туз шахтасынын мага пайдалуу экендигин билгем. Арада үзгүлтүктөр болуп, ырааттуу түрдө келе албай калдым. Үч жыл катарынан дарылансаң жакшы натыйжа берет экен. Шахтанын өпкө оорусунан башка дарттарга да пайдасы зор. Совет мезгилинде шахтанын дарылык касиети изилденген. Мен көп келгендиктен эски тааныштарды жолуктуруп, бир кыйла сырдашып да калабыз. Алар шыпаа жайдын өздөрүнө оң таасирин тийгизгенин кеп кылышат. Баса, санаторийдин аймагында ийне жалбырактуу бактар, арчалар арбын. Мунун өзү да бейтаптардын ден соолугун жакшыртууга жардамын берет экен.

Талгат ЕСТЕМЕСОВ, Астана шаары, Темир жол колледжинин окутуучусу:

– Мен жубайым жана эки балам менен, төртөөбүз келдик. Өзүм аллергиялык  ринит  менен, уулум бала кезинен бронхиалдык астма менен жабыркайбыз. Дарыгерлер туз шах-тасына барып дарыланууга кеңеш берди. Интернеттен из-десем, мындай шыпаа  жайлар  Белоруссияда,  Латвияда,  Азербайжанда, Өзбекстанда  жана Кыргызстанда бар экен. Шарттарына карап, «Чоң-Тузду» тандадык. Мисалы, Латвиядагы туз шахтасында 2 саат, Белоруссияда 3 саат болууга уруксат кылат экен. Ал эми «Чоң-Тузда» — түнкүсүн 12 саат. Анын үстүнө Астанадан келүү да кыйын эмес болду. Кыргызстанга чектеш Жамбыл облусундагы Шу станциясына поезд менен келсең, такси «Чоң-Тузга» түздөн-түз алып келет экен. Келерин келип алып, балдар менен жагдайыбыз кандай болот деп ойлогонбуз. Бардыгы жакшы, казакча айтканда, «курсак ток, көйнөк көк» дегендей, тамак-ашы жетиштүү, төшөк-орду лагерде да, шахтада да таза, балдар эриккен жок, шахтада бильярд ойногонду үйрөндү, мультфильмдерди көрүп жатты, күндүз лагерде курбалдаш досторду таап, чогуу ойноп жүрүштү. Эң башкысы, дарылануу курсу өзүмө да, балдарыма да оң таасирин берүүдө. Жумушунан чарчап жүргөн жубайым да мында келип, жакшы эс алып калды.

Ерген КУЛГАРАЕВ, Астана шаары, жер кадастры боюнча кызматкер:

– «Чоң-Тузга» уулумду алып, төртүнчү жолу келдим. Алгачкысында өзүбүз менен бирге бир пакет дары-дармек ала келгенбиз. Жыл сайын он күндүк курстан өтүп жүрүп, азыр уулум бир гана дарыны ичип калды. Анын да дозасын азайттык. Буюрса, муну да таштайбыз деген үмүттөбүз. Диагнозу – бронхиалдык астма. Санаторийдин талабына ылайык, мында келер алдында флюорографиядан өттү. Өпкөсүнүн быйылкы сүрөтү тап-таза болуп чыкты. Өзүм да профилактика катары туз шахтасына барып жатам. «Чоң-Туз» бизге чоң жардам берди.

 

«Чоң-Туз» санаторийинин дареги: Нарын облусу, Кочкор району, Чоң-Туз айылы.
WhatsApp : +996 709 702977
Моб. +996 555 123211
Сайт: http://chon-tuz.kg