2-августка карата аба ырайы

2-августта Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, түнкүсүн бийик тоолуу райондордо жаан, кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден, 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 14…19, күндүз 25…30,

Таласта түнкүсүн 10…15, күндүз 25…30,

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 16…21, күндүз 30…35,

Ысык-Көл аймагында түнкүсүн 10…15, күндүз 21…26,

Нарын дубанында түнкүсүн 7…12, күндүз 22…27 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19, күндүз 28…30 градуска жетет.