Акылбек Осмоналиев өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды

Акылбек Осмоналиев өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев  1-августта кол койгону тууралуу маалымат өкмөттүк аппараттан алынды.

Осмоналиев Акылбек Шарипович 1964-жылы 10-августта Ош облусунун Ноокат районунда төрөлгөн.

1988-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун зоотехния адистиги боюнча аяктаган.

1997-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин юриспруденция адистиги боюнча аяктаган.

2016-жылдын апрель айынан баштап август айына чейин өкмөттүн аппаратынын башчысы болуп иштеген.

Белгилей кетсек, буга чейин Ысык-Көлдөгү өкмөттүн ыйгарымдуу өкүлү болуп Узарбек Жылкыбаев иштеген. Жакында ал Ош облусунун администрациясынын башчысы болуп дайындалган.