Жыландын сүйүүсү (1-2-китеп)

Жыпар ИСАБАЕВА, «Кыргыз Туусу»


Буга чейинкисин бул жерден окуңүздар

Жакында “Жыландын сүйүүсү” китебинин  уландысын, тактап айтканда  3-китебин  жарыялайбыз. Ага чейин сайтыбыздан 1-2-китебин окуп турсаңыздар болот.

Булакка кетчү жол Бектемирлердин терезесинин түбүнөн өтөт. Ансыз деле эси-дартынын баары Кызмончок болуп калган кошуна  улан анын кайсыл сууга өтөр маалын акмалап, эки көзү ушул жолдон өтө берчү. Ал апасынын да, элдин да айткан ушактарына ишенчү эмес. Кичине кезинде алардын баарын тек гана жомок катары угуп, ансайын ээ-жаа бербеген балалык кыялында кыздын башкалардан башкача ажайыптыгын сезип, ансайын ага умтулуп сырдашкысы, сүйлөшкүсү келип, куштар боло берчү. Ал эми эс тарткан күндөн тарта ошол «жомокту» айдай сулуу периштеге карата айылдыктардын, айрыкча аялдардын имиш-имишин бүт  “көрө албастык, ич тардык” деп билчү. Болбосо, кошуна жашап, атүгүл атайын акмалап жүрүп да, кыздын бир жолу дагы ашыкча кылык-жоругун көргөн жок. Аны ушул ой дайыма тынчытып, санаасын басчу. А бирок ал мунун экинчи жагына да даяр эле. Кызмончок менен жылан жөнүндөгү аңыз чын болгон күндө деле ал Кызмончокту тана албайт болчу!

Бирок анын бул сезимин качантан бери жылан да байкап, Кызмончокту кызганып, Бектемирди өзүнө душман тутуп, тымызын туталанып жүргөнүн жигит билчү эмес. Жыландын кызганчаактыгын Асылбек менен Сырг а тээ баштатан эле билип, эмгиче эле: «Кокус Кызмончокту коруйм деп, бирөө-жарымды чагып албагай эле!» – деп коркуп, чочулай беришет. Ансыз да араң турган эл уу-дуу түшүп, буларды жабалактап таш бараңга алышып, же айылдан кууп чыгарып салчудай, а болбосо жыландын өзүнө кимдир бирөө кол салып, мунун укум-тукуму баягыдай кун кубалап, адамзат дүйнөсүнө  алаамат салып келчүдөй жүрөктөрү түпөйүл. Айрыкча Асылбек таптакыр өзгөрүлүп, көптөн бери комузун да колуна албай калган. Атүгүл бир канча ирээт жыландын уусун алып салууга даярданып, ат арытып атайын алыскы айылд ардын бирине барып, ошо өнөрдү сураштырып, сүрүш түрүп, үйрөнүп да келген.

– Каяктагыны айтпачы, Асыке! Же баягы түн эсиңден чыгып кеттиби?! Башканы унутсаң да, Бүбү эненин керээзин эстечи! – деп ошондон бери эле Сыргада жан жок.

– Эй, анын анчалык деле эчтекеси жок! Бул деген жапайы жылан болбогон соң, уу безин алып коюш керек! – дейт эри.

– Койчу, Асылбек! Койчу, айланайын! Сен эле кандай коркпойсуң, билбейм! Мен корком!.. Анын үстүнө Жан канча жылдан бери биз менен чогуу эле аралашып, тынч эле жүрөт го!

– Канчалык тынч болгону менен айбан да аның! «Бөрү баласы ит болбойт» дейт. Бирде болбосо бирде…

– Кудай сактасын! Айбан болгону менен акыры кепке-сөзгө түшүнөт го!..

– Э, болуптурчу! Болду! Тим эле тууп алган балаңдай безилдейсиң!.. – Андай болсо тээ бала кезинде ошентсең болмок да, Асыке. Эми өзүңдөй эки болуп турат… – бу саам келиндин үнүнөн жыланга эмес, күйөөсүнө кабатыр болгондугу байкалат.

– Кудай, айланайын! Суук көздөн, суук сөздөн сактай көр?! Айбан да болсо жыландын ичине ыйман бер?! Бирөө-жарымды чагып алып, элдин каргышына калбасак болду! Деги… кызым өзү теңдүү бирөөнүн колун кармап, бактылуу болсо экен?!. Кепке кемтик, сөзгө сөлтүк кыла көрбө, Жараткан?! – деп анан адатынча басып-туруп Кудайга жалынат. Соңку убактарда бул анын оозунан түшпөс келмесине айланган. Атургай жыландын таптакыр кетип калуусун анын өзүнө угуза эле Жараткандан суранып, «Керегем сага айтам, келиним сен ук» кылганы менен, эмнегедир жыландын көзүнө тике тиктебей, кайпактап кетчү. Ошону сезген Жан бара-бара башкалар түгүл, Кызмончоктун ата-энесинен да корунуп, жашырынып жүргөнгө өткөн.

* * *

Сууга келаткан кыздын эсине бир окуя түшүп, ууртунан күлүмсүрөп алды… Жан кичине кезинде бир кызык болчу. Кызмончоктун жанына бир ата-энесинен, бир өзүнөн башка эч кимди жакындаткысы келчү эмес. Кумурска келатса да учуп жетип, бирок  эмне кылаарын билбей ойдолоктоп кетчү. Анткени ар дайым Кызмончоктун:

– Адамдар менен дос болгуң келсе, сен адамдай акылдуу болушуң керек! Эч кимди, жада калса эч нерсени чагып алуу – оюңа да келбесин! – дегени эсинде турчу. Бирок ошондо да чыдамы жетпей кетип:

– Тс-с-с!!! – деп ортого тура калмай адат тапкан.

– Жан! – дечү андайда «окутуучусу» сөөмөйүн кесеп, – Мен сага эмне дедим эле?..

Ошондо гана Жан жер жазданып, күнөөлүүдөй болбурап калчу. Ал эми үйгө киши-кара келип калган  кездерде Асылбек же Сырга кызды алып  сыртка чыгып кетип, конок кеткичекти эшикте жүрө беришчү. Алардын бул кылыгы эл арасында айтылып жүргөн ушак-айыңды – Кызмончоктун жыланга айланары жөнүндөгү имиш-имишти, күдүктүү ойлорду ырбатчу. Бири:

– Капырай, качан кирсең эле эри же катыны баласын жетелеп үйдөн чыга качат! – десе, экинчиси:

– «Обу жок катын орсок уй саайт» болуп, жалгыз кызына көз тийет деп коркушат го, – дейт. А кийинчерээк болсо:

– «Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт» дейт, кокуй күн! Эл айтса бекер айтпайт! Элден четтеп, качып калгандарына караганда жанагы кызынын жылан экени ырас! – дейт. Мындай шектенүүлөр бара-бара ырбап, күчөп да кеткен. Ошондой күндөрдүн биринде Жан менен Абылайдын ак кочкорунун арбашканы кыз жөнүндөгү укмуштуу «жомокту» ого бетер эки эселентип жиберген.

Ал күнү Кызмончок короонун сыртына ойноп чыга калбады беле. Аңгыча эле арыктын жээгинде  аркандалып турган кишичил кочкор дикилдеп чуркап келип, тоголото сүзүп жүрөт! Эбелектей болгон кыз эки-үч ала салып кеткен да, эмне болуп кеткенине акылы жетпей, элеңдеп тура калган. Ошого да ыраазы болбогондой артка кеткенчиктеп барып, кайра да күүлөнүп, «учуп» келаткан кочкор кызга жетип-жетпей «тык!» токтоп, кайдан-жайдан чыга калып, бет маңдайына тикесинен тура калган жылан менен тиктешип калган! Кызмончок этинин ооруганын да, жапжаңы көйнөгүнүн, бети-башынан чаңга оонап калганын да унутуп, ордунда нес боло түшкөн. Аңгыча ары жак-бери жактан эл чогулуп, жылан менен кочкордон көз ала албай, жабалактап калышкан. «Өлдүк!» – деген оюнда Кызмончок. Эсине ар убак элдин көзүнөн, сөзүнөн корунуп, үрпөңдөй берчү ата-энеси түшүп кеткен. Эмнегедир эриндери диртилдеп, тамагы жашка муунуп, көзүнө жаш тегерене түшкөн. Анан калса, мына бул жарданган киши азыр Жанды өлтүрүп койчудай туюлган. – Жан! Качып кетчи, Жан! Булар сени өлтүрүп коюшат! – деп үн чыгарбай, көмөкөйүндө жыландан суранып, чебелене кыйкырып жаткан. Атүгүл: «Жанга тийбегилечи?! Өлтүрбөгүлөчү?!» – деп элден жансоога сурайын деп, канча ирет обдулуп барып токтогон. Албетте, Кызмончоктун жаналакетке түшкөн ушул кыйкырыгын, ой-сезимин Жан туйган. Туйган да, бир убакта арбашуудан көздөрүн тартып алып, арыктын ичине кирип, аткулакты арасына кирип, көздөн кайым болуп кеткен. Анткен менен жыландын артынан түшүп, аны издегенге эч кимиси дааган эмес. Кочкор болсо жылан кетээр замат жер сүзүп жыгылган да, Абылай катын-балдары менен жөлөп-таяп, таканчык кылганына карабай, көпкө чейин көздөрү аңтарылып, тура албай ынтыгып жатты.

– Шумдук! – дешкен карап тургандар, – Мал да болсо туруштук бергенин айт! Ушул окуяга күбө болгондор жылан менен кочкордун арбашканын ого бетер укмуштантып, жыландын да жыландардан башкача, сүттөй аппак экендигин далайга чейин айтып жүрүштү. Бир гана жакшы жери, Кудай жалгап алар бул окуянын себепкери Кызмончок экенин билбей калышты. Бирок ошондон кийин кишичил кочкордун Кызмончоктон жалтактап, бет маңдай чыга калса бурула качканын байкагандар болуп, кеп төркүнү жүрүп-жүрүп отуруп эле Асылбектин кызына келип такалды. Ушуларды ойлоп отуруп, Кызмончок булакка ылдам эле жетип калды. Түнү бою уйкусу качып, эт-жүрөгү элеп-желеп болуп ээленген Бектемир да ушул тапта Кызмончокко айтар сөзүн камдап, булакка келаткан. Ошону сезгендей, жылан да үйдөн чыкты…

(Уландысы бар)

One thought on “Жыландын сүйүүсү (1-2-китеп)

Комментарии закрыты.