Бий – сулуулуктун дүйнөсү

Музыкалык орто мектептин окуучуларына, атайын кесиптик, орто жана жогорку окуу жайларынын студенттерине, искусство менен маданият таануучуларга, этнографтарга, жалпы эле китеп сүйүүчүлөргө арналган Турганаалы Турсунаалы уулу Жусуп Мамайтегиндин «Көчмөн кыргыз бий өнөрү» (Бишкек, 2018) аттуу китеби басмадан жарык көрдү. Эмгек И.Арабаев атындагы КМУнун окумуштуулар кеңешинин чечими менен басмага сунушталган. Буга тарых илимдеринин доктору, профессор Т.Абдрахманов жооптуу редакторлук кылса, тарых илимдеринин кандидаты, м.а. профессор О.Капалбаев пикир жазган.Ырас, сөз бүткөн жерде музыка башталат, музыка башталган жерде кыймыл-аракет башталат, ал эми кыймыл-аракет жашоонун булагы, тирүүлүктүн символу. Ал адамдардын ортосундагы вербалдык «сүйлөшүүнүн», «пикир алышуунун» жана «диалогдун» мезгили менен мейкиндиги, акыйкатта, коммуникациянын эң бир ийкемдүү да, элестүү да, образдуу да каражаты.

Кыргыздарда байыртадан бери эле бий күүлөрү болгон, алардын кайрыктары кыска, обондуу, ыргактары так, бий мүнөздөрү ай-кын болуп келген. Айрыкча, комуз күүлөрүндө «Эски бий күү», «Теңсел», «Чайкалма», «Бий күү», «Тактеке», «Селкинчек», «Калмак бий» ж.б. Бул бий күүлөрү адамды бир ыргакта кармап туруу менен, бийчини экстазга жеткирүү, аны кайрадан күүнүн жандырмагы менен акыл-эсине келтирүү, элдин көңүлүн ачуу, атайылап күлдүрүү тариздүү зор музыкалык-эстетикалык милдетти кылымдар бою өтөп келген.

Биз ааламдашуу доорунда жашап жатабыз. Биздин оюбузча, ааламдашуу салттуу маданиятка жана көөнө үрп-адаттарга эки тараптан эбегейсиз таасир этүүдө. Биринчиден, ал көп кылымдар бою өнүгүүнүн натыйжасында калыптанган, бирок технологиялык цивилизациянын кубаттуу селине туруштук бере албаган каада-салттарды жана үрп-адаттарды бир өңчөйлөтүп өңдөштүрүүдө жана алардын айырмачылыктары менен өзгөчөлүктөрүн жылмалоодо. Бул “өз” жана “бөтөн” антоним түшүнүктөрдүн маанилеринин семантикалык чек арасын жоюп гана тим болбостон, маданияттын жаңы түрлөрүн жаратуу менен аларды соңку тарыхыбызга таңуулоодо.

Экинчиден,  ааламдашуу  этностордун экономикалык, рухий, адеп-ахлактык оор абалдан  чыгуусуна,  өзүнүн  лексикалык-лингвистикалык, тарыхый-маданий жана социалдык болмушундагы башаттарды издөөгө жол ачат. Менимче, ошондой башаттардын бири – бий өнөрү. Мисалы: индиялыктардын, ирландиялыктардын, грузиндердин ж.б. бий өнөрүндө ал элдин тили, дили, кыял-жоругу,  жүрүш-турушу,  адат-өнөкөттөрү, ой-санаасы, таанып-билүүсү, психологиясы менен философиясы, жалпы эле жаратылышка болгон мамилеси, аны менен эриш аркак жашоого болгон умтулуусу, кыскасы, улуттук иденттүүлүктөрү айкын-ачык, шаң-шарапаттуу, экспрессивдүү-эмоционалдуу көрүнүп турат.

Менимче, көчмөн элдерде бий өнөрү жигердүү  өнүкпөгөндүгү  баамга  урунат. Көчмөн турмуш табиятка, мал-жанга байлан-ган, жайытка байланган, сууга байланган, демек, эл тынымсыз кыймыл-аракетте болгон. Андыктан кыргыз бийлери жаратылышты үйрөнүүгө, анын сырларын өздөштүрүп, аяр мамиле кылууга, табият менен гармонияда болууга, байыркы көөнө кесиптердин табышмактарын табууга ж.б. багытталгандыгын көрүүгө болот. Ал эми көчүп жүрбөй бир жерге байыр алып, туруктуу отурукташуу менен адам жеке ыңгайга жана комфортко умтулат. шондуктан, отурукташкан элде кыймыл-аракетке болгон муктаждык, зарылдык келип чыгат. Аларда бий өнөрүнүн өнүгүшүнө  ыңгайлуу  шарттар түзүлөт.

Китепте көчмөн кыргыз бий өнөрүнүн байыркы мезгилдерден бери бийленип келе жаткан түрлөрү, аталыштары, бийлөө ыкмалары, тараган аймактары, ыргагы менен кыймылы, фабуласы менен композициясы, окшоштуктары жана өзгөчөлүктөрү, идеялары менен пафостору тууралуу кеңири маалыматтар берилген. Айрыкча, Кытайдагы кыргыз бийлери, алардын көрүнүктүү өкүлдөрү Жумаакун Мамбет, Маамет Төлөмүш, Алма Элчи, Сайкал эне, Бактыгүл Эшен кызы, Бактияр Мурат уулу, Күлшайыр Курма-накун кызы ж.б. жөнүндө кыска жана нуска түшүнүктөр токулган. Ошондой эле, Бий Мерген, Жорго бийи, Талма бийи, Куюн бийи, Бакшы бийи, Жылкы бийи, Күрөш бийи, Өрмөк бийи, Калпак бийи, Чабан жигит, Дыйкан кыз бийи, Жайлоо бийи, Сүтчүлүк бийи, Жар көрүшүү бийи, Батыш өрөөн бийи, Бет кептүү бийи, Арстан бийи, Сетең бийи, Жалын бийи, Каркыра бийи, Куш бийи ж.б. мазмун-маңызы сыпатталып, түстүү сүрөттөр менен  шөкөттөлүп,  буларды  аткаруунун, үйрөнүүнүн методикасы менен технологиясы жалпылаштырылган.

Кыргыз маданиятынын тарыхында аталган бийлерге байланыштуу материалдарды жыйнап, аларды белгилүү бир иретке, тартипке салып, илимий-популярдуу мүнөздөгү текст менен жабдып, көркөм-сүрөттүү китепти жарыкка чыгарган жаш автордун ийгилиги, баамымда, улуттук баалуулуктарды байыткан эмгектердин катарын толуктайт.

Назаркул ИШЕКЕЕВ, КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, профессор