Беларустун Кыргызстандагы биринчи элчиси Сергей Руцкий каза болду

1-августта Беларустун Кыргызстандагы мурдагы элчиси Сергей Руцкий каза болду. Бул тууралуу маалыматты аталган өлкөнүн элчилигин маалымат кызматынан таратышты.

Маалыматка ылайык, Руцкий 1-августта Беларустун борбору Минск шаарында көз жумган.

Ал 1992-1993-жылдары Беларусь Республикасынын Кыргызстандагы Министрлер советинин төрагасы кызматын ээлеген. 1993-жылдан 1995-жылга чейин Беларустун Кыргызстандагы толук ыйгарымдуу элчиси болгон.