Кыргыз кызын канаттууга кактырган эмес

«Элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы» дегендей, мамлекеттин турмушундагы өзгөрүүлөр коом өзгөрүүсүнө алып келсе, өз кезегинде коомго жараша улуттук каада-салт, үрп-адат, ырым-жырымдар да өзгөрүүдө.

Аны турмуштук мисалдар менен ай-талы, илгери кыргыздар кыздарын көлөкө жерге багып, көк шуру мончок тагып, алпештеп багып күйөөгө узатышкан. «Таштай батып, суудай сиң» деп тилек кылган. «Кыздарыбыз барган жеринде бактылуу болсо, көз жашын төгүп кайрылып келбесе», – деп жараткандан суранышкан. А төркүнүнө келген кызды конок деп төргө олтургузуп, сый-урматын көрсөтүп, кайра кетиргенге шашышкан. Азыр кандай? Азыр турмуштан чыгып, үйдө отурган кыз коом үчүн эч деле эрөөн эмес. Атүгүл бүгүнкү ааламдашкан заманда каада-салтты каакы ордуна көрбөй, кызынын турмуштан ордун таап, бактылуу болгонун ойлобой эл катары жашап жаткан кызын, күйөө баласынын үйүнөн өз колу менен кыздарын тартып алган ата-энелер дагы жок эмес.

Бегимай (аты өзгөртүлгөн) өз башынан өткөн мындай окуяны бизге айтып берген эле: «Биз өзүбүз орто оокат-аштуу үй-бүлөбүз. Агам  Арген  (аты  өзгөртүлгөн)  2016-жылы эл катары той берип, банкта иштеген, 30000 сом маяна алган Каныкей аттуу кызга үйлөнгөн. Агам сабырдуу, өңдүү-түстүү, ичпеген-чекпеген жигит. Жеңем дагы бактыбызга жараша ашыкча сүйлөбөгөн, оор басырыктуу, өзүнүн аялдык милдетин мыкты аткарган келин болуп чыкты. Арадан айлар өтүп, дени сак балалуу болушту. Өзүнчө батирге чыгышты. Бир да жолу экөөнүн урушун уккан жокпуз. Бактылуу күн кечирип келишти. Атам-апамдар болуп, экөөнүн бактысын тиледик. Ушундай күндөрдүн биринде агам ооруга чалдыкты. Таптакыр эле төшөктө жатып калган жок. Жеңем байкуш колунан келишинче дары-дармектерди сатып берип, эч нерсесин аябады. Анүчүн биз жеңеме чексиз ыраазыбыз. Ошондой күндөрдүн биринде жеңем өз апасын жээн небересин карап туруусун өтүнүп, үйгө чакырыптыр. Агам менен жеңемдин ортосундагы мамиле ошодон баштап, сууй баштады. «Күйөөң оорукчан экен, же жарытылуу акча таппайт, Мен айттым, жашабайсың», – деп кызын оокатын жыйнатып алып кетип калды. Азыркы учурда агамдын ден соолугу жакшы, туруктуу жумушу бар. Бирок баласын катуу сагынып куса болууда. Баласын көргөнү барып турат, бирок үй-бүлө бир чатырдын алдында болбогон соң, кайдагы үй-бүлөлүк бакыт. Жеңемдин өзүнөн улуу бир тууган эжесин да апасы бир кезде ушинтип алып баса бериптир. Энесинин жеке жа-шоосуна киришүүсүнөн тажап кеткен эжеси «менин жашоомо аралашпагыла» деп ата-энеси менен туугандык катташтыгын үзгөн экен. Кошуналарынын айтымында жеңем күйөөгө узатылгандан кийин ата-энеси акчадан катуу кыйналып башташкан. Эркек балдары бой жете элек болгондуктан, жеңем алардын үйүндөгү киреше апкелген жалгыз адам болуптур. Жеңем тапкан-ташыганын ата-энесине берчү экен. «Ата-эне кызынын бактысына эмес, тапкан акчасына кызыгып, үйгө алып келип алган» дешет кошуналары. «Мына, жеңемдин энеси кызынын иштеп тапкан 30 миң сом маянасы үчүн анын бактысын кести да койду», – дейт Бегимай.

Элибиздин салт-санаасына саресеп салсак, кыз бала күйөөгө чыкканга чейин ага ата-эне жооптуу болгон, кызына чаң жугузбай, курсагын ачырбай, кийимин айрык кылбай бакканга ата-эне милдеттүү болгон. Кыз үй тирилигин аткарган менен, ата-энеси таптакыр эле оорукчал болбосо, ал ата-энени багууга милдеттүү болгон эмес. Адатта ата-энени багуу милдети үй-бүлөдөгү эркек кишинин милдети. Атасы же үйдүн эркек балдары үй-бүлөнү багуу жоопкерчилигин алыш керек. А бүгүн кандай болуп жатат? Үйдөгү эркек балдар сыртка кетип калып, карыган ата-энени багуу кыздарга жүктөлүүдө. Бул салтта жок нерсе. «Кызымдын төрүндө отургуча, уулумдун улагасында отурайын» деп тилек кылат ата-эне. Мына биз айткан коом өзгөрткөн салт-санаа дегенибиз ушул. Ушундан улам биздин эркектерде намыс барбы деген суроо жаралат. Түркия эмгек министрлиги 2016-жылы 3612 кыр-гыз жаранына эмгек визасы берилгени тууралуу маалымат берип, анын 870си эркек, 2742си кыз-келиндер экенин тастыктады. Ушул маалымат деле бүгүн кыргыз үй-бүлөсүн кыздары багып, эркек балдар жатып ичерге айланганын көрсөтүп турат.

Түркия мамлекетинде эмгектенгенине үч жылдын жүзү болгон кыргыз кызы бизге буларды айтып берди эле. «Мен бул жакка кетүүмө жумушсуздук түрткү болду. Алгач Анталия шаарына келдим. Ортомчу фирмалар ар кимдин жашына ылайыктап жумушту таап беришет экен. Документалдуу эч кандай деле келишим түзүлбөйт, жөн гана жумуш менен камсыз кылгандыгы үчүн, иштеген бир айлык маянаңды алышат. Кыргыз кыз-келиндери көбүнчө үй-кызматкери, бала багуучу же болбосо кары адамдарды багуу жумуштарында иштешет. Түрк тилин сөзсүз билип келүү шарт эмес, себеби кыргыз тилине жакын болот экен, ошондуктан бул жактан деле үйрөнүп алса болот», – дейт Элнура.

Эмне  үчүн  кыргыз  кыз-келиндери көбүнчө үй кызматтарын аткарышат? Бул жумуштарды аткаруу түрк айымдарынын колунан келбейби? Көрсө, Элнуранын айтымында Түркияда эркектер аялдарын колуна көкөлөтүп алып жүрүшөт экен. «Бала эле төрөп бербесе, башка үй жумуштарын аткарышпайт. Убактысын салонго барып жасануу, бутиктерден кымбат баалуу кийимдерди алуу, курорттордо эс алуу менен өткөрөт. Ошондуктан үй ишин аткарууга өзүнчө, бала багууга өзүнчө, кары же оорулуу энесин кароого өзүнчө кызматчы жалдашат. Ошондон  улам,  кыргыз  кыз-келиндерин  ушул кызматтарды аткарууга жалдашат», – дейт Элнура.

Турмуштун  ачуу  чындыгы  ушундай. Акыркы  мезгилдерде  эркек  балдар  үйдө бош  колоктоп,  тырнактай  кыздар  ата-энесин багуу максатында чет өлкөгө чыгып эмгектенишүүдө. Абалтадан кызын тумшук-тууга чокутпай, канаттууга кактырбаган ата-эне болгон эмес беле? Улуулар качан да болсо салт тууралуу айтышат, кыз бала качан эле минтип чет жерде өз ата-энесин эмес, башка бирөөнүн ата-энесин бакчу эле? Кызын коргой албаган ата-эне кимди коргойт? Тескерисинче, тууган-уруктарына «менин кызым оо Дубайда же Турцияда иштеп жүрөт» деп сыймыктануу менен мактанган ата-энелер четтен чыгат. Мактанбай кал. Оозунан эне сүтү кете элек кыздарын чет өлкөгө акча таап кел деп, өзүлөрү чампайып үйдө жаткан ата-энелер да жок эмес.

Кечээ жакында эле кыргызстандык жаш активисттер Жогорку Кеңешке жана президентибизге 26 жашка чыга элек кыздардын чет өлкөгө чыгуусуна чектөө киргизүү тууралуу сунуш киргизди. Арийне, чектөө болобу, жокпу, бул жумуш издеп чет өлкөлөргө чыгып жаткан жаштардын агымын токтото албайт. Жыл сайын «мигранттар миллиарддан ашуун доллар которуп жатат» деп статистикалык маалыматтарды жарыялап мактанабыз. Ал акчанын артында, ар бир тыйындын артында канчалаган кыйынчылыктар, көз жаштар, талкаланган тагдырлар жатканын сезбейбиз.

Нуриза МАМАТЖУМА кызы, «Кыргыз Туусу» гезитинин Практиканты