Коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн каражаттар үчүн ачылган атайын эсепке 255,5 млн. сом топтолду

1-августка карата “Жалпы мамлекеттик иш-чаралар – укук коргоо органдарынын бирдиктүү депозиттик эсеби” бирдиктүү депозиттик эсебине 255 миллион 509 миң 77 сом түштү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 63 миллион 362 миң 758 сомду Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы которгон. Ал эми  Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 132 миллион 611 миң 621 сом которгон болсо,  Генералдык прокуратура 59 миллион 326 миң 897 сомго толуктаган. Жалпы сумманын 533 миң 100 сому Ички иштер министрлигинен түшкөн.