Жыл башынан бери 104 адам сууга чөгүп каза болгон

Кыргызстанда жыл башынан бери 104 киши сууга чөгүп каза болду. Алардын 81и жай мезгилинен бери катталган учурлар. Бул тууралуу бүгүн, 2-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жарандык коргоо башкармалыгынын улук офицери Өмүрбек Чокомбаев басма сөз жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жыл сайын атайын жумушчу топ түзүлүп, туристтик сезондо куткаруу иш-чараларын жүргүзүшөт. Ошондой эле калкты окутуу жүргүзүлөт. Масеелен былтыркы жылы 14 миң 705 жаран окутулган.

“Белгилей кетсек, бул жакка жол кырсыгы, мас абалында сууга түшүү окуялары дагы кирет. Ата-энелерди балдарын көзөмөлдөөсүн суранабыз”, — деди ӨКМнын кызматкери.