Инвестиция тартуу жагдайы талкууланат

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, “Кыргыз Туусу”


Дүйнөдө мигрант статусун алып иштеген 200 млн. ашык адам бар. Бул тууралуу БУУнун маалыматында айтылат. Ал эми Кыргызстанга келсек, расмий маалыматтар боюнча 750 миңден ашык мигрант ондогон өлкөлөрдө иштеп жатышат. А чынында мунун саны эки жарым эсе көп экендиги бейрасмий маалыматтарда келтирилип жүрөт. Бүгүнкү күндө кыргыз мигранттары жашаган дүйнө мамлекеттеринде 100дөн ашык кыргыз диаспоралары бар. Диаспоралар зор кесипкөй кадрдык кудуретке жана финансылык ресурстарга ээ.

“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондусунун аракети менен буга чейин мекендештердин үч жолу форуму өткөрүлгөн. Анын экөө Бишкекте, үчүнчүсү 2016-жылы Ошто болгон. Аталган форум ар бир эки жылда өткөрүлүп келе жатканын эске алсак, быйылкы форум Ысык-Көл облусуна берилмей болду. Ошентип, Чолпон-Атанын “Рух ордо” маданий борборунда 8-9-август күндөрү мекендештердин төртүнчү форуму өткөнү жатат. Форум “Туулган жердин топурагы алтын!” деген ураандын алдында болот. Учурда мамлекеттин ИДПсынын 37 пайызын мигранттардан которулган каражат түзүп, Кыргызстандын экономикасына чоң салым кошуп жатканы белгилүү эмеспи. Алар банктар аркылуу которуулардан тышкары ар бир үй-бүлөгө өзүнчө акачалай каражаттар, белектер түрүндө берилген жардамдары калктын турмушунун өтөрүлүшүнө өбөлгө түзүүдө.

Форумду өткөрүүнүн башкы максаты — чечим кабыл алуучу мамлекеттик органдар менен бирге финансы каражаты, инвестиция салуу мүмкүнчүлүгү же адистик бай тажрыйбасы бар мекендештерибиздин ортосундагы пикир алышуу. “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Доктургүл Кендирбаеванын гезитибизге билдиргенине

караганда форум эки бөлүк менен иш алып барат. Биринчиси, КР Президенти Сооронбай Жээнбековдун “Аймактарды өнүктүрүү жылы” жарлыгына байланыштуу инвестицияларды тартып жаткан мекендештердин аталган облустагы салымдары жеринен көрсөтүлөт. Андан тышкары, экономиканын өнүгүшү үчүн конструктивдүү сунуштарды топтоо тууралуу сөз болот. Андан тышкары, мигрант аялдар-дын бизнести түптөп, жер-жерлерде жумушчу орундарын түзүп жаткан тажрыйбалары менен бөлүшөт. Анткени, кыргыз мигранттардын 40 пайызын аялдар түзүп келе жатат. Бул жолку форумга 20дан ашык мамлекеттен 300гө жакын мекендештер келери күтүлүп жатат.

Форумду  өткөрүүдө  аталган  фондго Өкмөт да өз жардамын берип жатат. Иш чарага Эл аралык миграциялык уюм аркылуу Швейцариянын гранты берилди. “Форумга Президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусу күтүлүүдө. Чет мамлекеттерден ири ийгиликтерге ээ болгон мекендештерибиз келишет. Мисалы, Германияда иштеген Нурлан Мукашов деген жердешибиз ал жактан туристтерди үзгүлтүксүз чакыруу аркылуу туризмдин өнүгүшүнө салым кошуп келүүдө.

Казакстандагы эң ири компаниялардын биринде аткаруучу директор болуп иштеген Миргүл Өмүрзакова Караколдо туристтик бизнесин ачып, өзү окуп кеткен мектеп бүтүрүүчүлөрүнө жыл сайын стипендияларды берип келе жатат. Биз мигрант мекендештердин кадрдык ресурсун, өлкөнү өнүктүрүүдөгү тажрыйбасын да пайдаланышыбыз керек. Форумга дүйнөгө атагы тараган инсандардын келиши күтүлүп жатат. Асел Сартбаева Лондондо жашайт. Ал дүйнөдөгү эң алдыңкы 100 окумуштуу аялдын катарына кирди. Балдарды эмдеген вакциналар муздаткычка сакталат эмеспи. Ал эми Асел айым чөлдөгү ысык жерлерде вакцинаны сактоонун ыкмасын иштеп чыккан. Кытайда жана Түркияда жашап иштеген журтташтарыбыздын Кыргызстандын экономикасына кошуп жаткан салымы менен таанышуу болот”, – дейт Доктургүл Кендирбаева.