Өкмөттүн 100 күнү: Билинбегени менен бир топ иш жасалды

Шабдан АБЫЛГАЗЫ уулу, “Кыргыз Туусу”


Мухаммедкалый Абылгазиевдин өкмөт башчы болуп дайындалгандыгына 100 күн болду. Бул аралыкта бир нече иштер жасалып, айрымдары дагы да ишке аша элек. Премьер-министрдин ишмердүүлүгүнө коомчулукта кандай баа берилип жатат? Ушул 100 күн ичинде кандай маанилүү иштер жасалды жана алдыда кандай пландар турат? 2018-жылдын 20-апрелинде Өкмөт башчы болуп дайындалган Мухаммедкалый Абылгазиевдин ишиндеги маанилүү жагдайларды эске салабыз.

Сунушталган программа – жасалган иштер

Мындан 3 ай мурун “Ишеним, биримдик, жаратмандык” программасы менен Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөт башчылыгына келген. Ал өз сөзүндө, республика көз карандысыздык жолуна түшкөндөн кийин  өлкөнүн  өнүгүүсүнө  тоскоол  болгон көптөгөн саясый өзгөрүүлөрдү баштан

өткөргөнүн, Кыргызстанга туруктуу өнүгүү үчүн калктын биримдигин сактап, бардык бийлик бутактары тыгыз кызматташтыкта иштөө керек экенин айткан.

Премьер-министрдин программасы кенен жана көптөгөн багыттарды камтыйт. Мисалга аймактарды, бизнести, туризмди өнүктүрүү. Андан тышкары, программа дагы да болсо кеңейип, өзүнө жаңы пункттарды киргизет. Бирок көңүл борборунда турган эң маанилүүсү — бул адам.

Албетте,  100  күн  өкмөт  башчынын ишмердүүлүгүнө кандайдыр бир баа берүү үчүн  өтө  эле  аз  убакыт.  Бирок,  Абылгазиев кайсы бир иштерде натыйжа көрсөтө алды десек болот. А дегенде эле коомчулукта мактоого татып жаткан иш катары июндун аягында өкмөт башчы коррупцияга каршы күрөштүн жүрүшүндө түшкөн акчалай каражаттарды топтоо үчүн «Бирдиктүү депозиттик эсеп ачуу» жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна кол койду. Эми жаңы процедурага жараша, мамлекетке келтирилген зыянды кайтаруудан түшкөн каражаттар атайын эсепте топтолуп, КР өкмөтүнүн чечиминин негизинде гана бөлүштүрүлөт.

Мындай аракет өзүнүн биринчи жемишин берди. 11-июлда атайын ачылган эсепке биринчи каражат которулду. УКМК кызматкерлери тарабынан коррупцияга каршы күрөштүн жыйынтыгы боюнча 11-июлда 95,9 миллион сом которулган. Андан бери коррупциялык  иштерден  түшүрүлгөн  каражаттар өсүп, Финансы министрлигинин карамагындагы борбордук казыналыктын 2018-жылдын 24-июлуна карата берген маалыматына караганда, бирдиктүү депозиттик эсепке 169 миллион 314 миң 359 сом келип түшкөн.

Карапайым калкка керектүү кадамдар

Мындан тышкары кепилдик фондун капиталдаштыруу 300 млн. сомго жеткирилгенин да эске сала кетпесек болбойт. Бул кадам «Кепилдик фонду» ачык акционердик коомунун ишмердигинин таасирдүүлүгүн жогорулатуу, аймактарда чакан жана орто ишкерлик субъекттеринин керектөөсүн толук канааттандыруу үчүн шарттарды түзүү максатында кабыл алынды. Фонддун капиталын көбөйтүү менен бизнес ачууну каалаган жана жеке ишкерлик кылган субъектилерге эбегейсиз жардам болду. Анткени бизнести өнүктүрүү үчүн насыясыз иш алып баруу кыйын. Ал эми банкка коюлган күрөө керектүү сумманы алуу үчүн жетишсиз болуп калышы ыктымал. Дал ушул учурда калган бөлүгүн кепилдик фонд камсыздап бере алат. Ошондой эле Фонд өз ишинде облустарда жаңы өндүрүштөрдү түзүүгө багытталган долбоорлорду колдоого алат.

Буга кошумча Өкмөттүн дагы бир алгылыктуу иши өлкөгө киргизилип жаткан автоунааларга карата бажы алымдарынын төмөндөтүлгөнү болду. Өкмөттүн токтомуна ылайык, бирдиктүү бажы төлөмдөрүнүн коюму жана кыймылдаткычынын көлөмүнө жараша бензин, дизель менен жүрө турчу автоунаалардын салыгы 2014-жылдагы салыкка теңелди.

Буларга кошуп, мамлекеттик ипотекалык компанияга 500 млн. сом кошумча каражат кошулганын, бизнести текшерүү боюнча мораторий киргизүү долбоорунун демилгеленгенин, Электрондук патент берүү боюнча сынамык долбоору башталганын, биринчи жардам көрсөткөн медиктердин маянасы жогорулатылганын жана «бактысы ачылбаган» коопсуз шаар долбооруна кайрадан жарыяланган тендер тууралуу кеңири кеп кылсак болот эле. Бирок булардын ичинен карапайым калкка жагып, оозго алына турганы – КФ, МИК (ГИК), МК и МКУ, Альфа телеком мамлекеттик компаниялардын жетекчилеринин маянасын 30% оптималдаштыруунун натыйжасында 800 миң сомдон 500 миң сомго чейин үнөмдөөгө жетишкендиги болду.

Алдыда дагы Өкмөт башчыны көптөгөн жумуштар күтүп турат, анын саясаты жана программасы Кыргызстанды өнүгүү жолуна алып келет деген үмүттөбүз.

Алдыда мерчемделген алгылыктуу иштер

Абылгазиевдин өкмөтү бизнеске жагымдуу жагдай түзүүгө өзгөчө маани берүүдө. КР Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн кабарлаганына караганда бул үчүн жакынкы учурда 2 жылга чейин бизнести текшерүүгө тыюу салган мораторий киргизүү пландалууда. Ошондой эле мамлекеттик жана консультациялык кызматтарды жеткиликтүү, сапатын жогорулатуу максатында Бизнести тейлөө борборлорун ачуу мерчемделип, Өкмөттүн программасына бизнес акыйкатчысы институтун түзүү боюнча чаралар көрүлүүдө.

Ошондой эле акыркы учурларда жергиликтүү калк менен инвестордун ортосунда келип чыккан чыр-чатактар көп кездешүүдө. Өзгөчө тоо-кен тармагында. Буга байланыштуу инвесторлорго жана алардын мүлкүнө зыян келтиргендер үчүн жазаны катаалдантуу каралууда. Бул кадам өлкөнүн инвестициялык климатын жакшыртуу багытында жасалып жатканын белгилей кетүү зарыл. Муну менен бирге эле инвесторлорго кепилдик берүү үчүн инвестициялык мыйзамдын күчөтүлүшү мерчемделүүдө. Алардын ичинде мамлекеттик жеке ишкердик багытында долбоорлорду демилгелөө кайрадан каралып чыгат. Алардын долбоорлорун даярдоо, кароо жана бекитүү 2 эсе кыскартылат.

Артыкчылыктуу долбоорлордун алкагында мамлекеттик жеке ишкердик механизмин колдонуу менен мектеп жана мектепке чейинки билим берүү мекемелерин куруу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда. Мындан тышкары Өкмөт IFC менен “Манас” аэропортун модернизациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзө баштады.

2019-жылдын мартына чейин эл аралык рейтингдерде Кыргызстандын катарын жакшыртуу максатында бир нече реформаларды жүргүзүү каралууда. Алардын ичинде энерго-жабдыктарга кошулуу, салыктык администрациялоо, келишимдерди аткарууну камсыздоо жана банкрот процедурасы бар.

Ошондой эле ЕАЭБдин алкагында Кыргызстан тарабынан ЕАЭБ өлкөлөрү ортосунда атайын өнүгүү фондун түзүү сунушу киргизилген. Негизинен эле Кыргызстанда экспортко чыгуу маселеси курч турат. Себеби, ички базардын кичинекей жана чектелүү болгонунан улам, бул багытта алгылыктуу иштерди жасоо зарылдыгы бар экени белгилүү. А бирок, массалык түрдө экспортко чыгуу мүмкүндүгү аз экенин эске алганда Өкмөт сыртта суроо-талапка ээ болгон товарларды чыгарууну камсыздашы керек.

Бул багытта тышка чыгарууга багыт алган ишканаларды жеңилдетилген түрдө насыялоо программасы үчүн 100 млн. сом бөлүнөрү күтүлүүдө. Албетте, каражат менен эле баары бүтүп калбайт эмеспи. Ошондуктан электрондук соода-сатыкты өнүктүрүү, тышкы экономикалык операциялар боюнча электрондук лицензиялаштыруу сыяктуу заманбап механизмдерди дагы кошо ала кетүү зарыл. Мунун баары Өкмөттүн алдыда жасай турган иш пландарында бар.

Президент тарбынан бул жыл “Аймактарды өнүктүрүү жылы” деп белгиленгени баарыбызга маалым эмеспи. Демек, Абылгазиевдин Өкмөтү бул багытта бир далай ишти жасоого камданып калды десек болот. Аймактарды өнүктүрүүдө айыл чарба, туризм ж.б. багыттарда дайындалган программаларын ишке ашуусун күтүп туралы.

Анын үстүнө май айында Жалал-Абад жана  Ош  облустарына  жасаган  иш  сапарында Абылгазиев аймактарды өнүктүрүү – өлкөдөгү экономикалык туруктуулуктун кепилдиги экендигин билдирген. Кийинчерээк өкмөттүн жыйынында премьер-министр каржы жана административдик ресурстардын бардыгын региондордун өнүгүүсүнө жумшоо керектигин айткан болчу.

Андан тышкары, аймактарды өнүктүрүүдөгү  маанилүү  элементтердин  бири “Бир айыл – бир продукт” долбоорун талкуулоо  учурунда  Абылгазиев:  “Айыл-чарбанын комплекстүү өнүгүүсү аймактардын  социалдык-экономикалык  абалына жакшы таасир берип, атамекендик туризмдин кийинки өнүгүшүнө негиз боло алат. Долбоордун  маанилүүлүгүн  эске  алып, биз кийинки кызматташууга даярбыз”, — деди.

Жогоруда белгиленгендей 100 күндүн ичинде көзгө көрүнө турган иш жасоо деле мүмкүн эмес. А бирок билинбегени менен бир топ иштер жасалып калганын эске алуубуз керек. Абылгазиевдин өкмөтү сунуштаган ошол эле мобилдик телефондорду идентификациялоо, коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн каражаттар үчүн атайын эсеп ачуу жана калкты таза суу менен камсыз кылуунун сапатын жогорулатуу боюнча сунуштары коомчулукта талкуу жарата алды.

Өкмөттүн 100 күндүк ишине кандай баа бересиз?

Алмазбек АКМАТАЛИЕВ, профессор: “Өкмөттүн көпчүлүк убактысы жайкы дем алууга туш келгендиктен калыс баа берүү али эрте”

– 100 күндө чоң иш кылуу деле мүмкүн эмес. Эсте калганы четтен келген машинелерди арзандатуу, коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн каражаттарга атайын эсеп ачуу, мобилдик телефондорду идентификациялоо аракетин көрүү, көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү сыяктуу иштер болду. Өкмөт бир программага баш ийген, ошонун тегеретесинде иштеген уюшкан, ынтымактуу командадай эмес, ар кайсы клубдардан чогулган бир курама командадай туюлат. Ошол эле маалда, маалымат булактарына таянсак, региондордо жакшы иштер жүрүп жатат. Таза суу барып жаткан айылдар, мектептер, ФАПтар, бала бакчалар салынып жатат. Бул өкмөттүн көпчүлүк убактысы жайкы дем алуу айларына туш келгендиктен мүмкүн калыс баа берүү али эртедир. Күзүндө билинет, кышка даярдык деген бар, оруу жыюужыйынтыктары, жаңы окуу жылына даярдык.

Менин оюмча, азыркы Өкмөттө чоң жетишкендик да, чоң кемчилик да али жок. Бирок, убакыт өтүп жатат. 2019-жылы эмнелер так аткарылат деп өзүлөрү аныктап, анан элге жарыялап койсо болот эле. Күтө туралы, үмүттүн шооласы үзүлбөйт дейт го…

Карыбек БАЙБОСУНОВ, философ: “Абылгазиев Өкмөт башчылык кызматка келген учур эң катаал мезгилге туш келди”

– Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөт башчылык  кызматка  келген  учур  эң  катаал мезгилге туш келди. Мындай оор жүктү көтөргөн адам көтөрөт. Анын алдында алгачкы эле маселе кадр маселесин туура чечиши зарыл болчу. Бул жааттан алганда аймактык жетекчилерди ордуларына коюуда жакшы иштер жасалууда. Ошондой эле гендердик саясат да туура багытта кетип жатканын белгилеп коюшубуз керек. Ошондой эле социалдык маселелерди чечүүдө пенсиялык саясат, салык саясатта орунтуктуу иштер жасалып жатканына күбө болуп жатабыз. Ар бир министрлик менен агенттиктин иши системалуу түрдө калыптанууда. Муну менен бирге эле коррупция менен күрөшүүдө айрым “лөктөрдү” кармап, аны коомчулукка чыгаруу менен эле чектелип калбастан, алардын жегендерин мамлекетке кайтаруу жолу каралууда. Ошону дагы улантып кетүү зарыл. Эми алдыда дагы бир кыйла иштер турат. Алсак, экологиялык, чек ара, гендерди иштетүү жаатында маселелерди колго алуу зарыл. Ошондуктан жакшы кесипкөй кеңешчилерди айланасына топто-сун деген сунушту айтмакчымын.