Коррупционерлердин кокосунан 235 млн. сом суурулуп алынды

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, “Кыргыз Туусу”


Кыргызстанды ичтен жеген курт коррупция болуп жатканы тууралуу баарыбыз эле жадыбалдай жатка айтабыз. Атүгүл куйругундагы калбыры калдырап, коомчулуктун итиркейин келтирип турганы менен коррупция – мамлекеттин канына сиңген күндөлүк көрүнүш катары кабыл алынып, бир жагынан карапайым адамдардын кайдыгерлигин жаратса, экинчи жагынан бийлик бутактарында отурган айрым алкымы керней төбөлдөрдүн “билгенин жасоого” шарт түзүп келгенин жашыра албайбыз. Ошону менен коррупция түшкүрүң мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч келтирген көрүнүшкө айланганын, соңку жарым жылдыктагы коррупцияга каршы турууга багытталган мамлекеттик саясаттагы силкинүү көрсөтүп отурат. Бул коомчулукта “чындап эле күрөшсө болот турбайбы” деген ишенимди жаратты.

Коррупциядаулут болбойт

Коррупцияда – улут, мамлекет, чек ара деген болбойт. Кайсы жерде тамыр жайууга шарт, жагдай түзүлсө ошол жерде кудум жазгы гүлдөй жайнап чыга келет. Жетимиш жыл СССРде, эчен жылдан бери КМШда тилектеш мамлекет болуп келген Арменияда, Николь Пашиньян премьер-министр болуп келгени бул өлкөдө коррупцияга каршы күрөш ушунчалык тездик жана чечкиндүүлүк менен жүрүп жатканына баарыбыз көз салып турабыз. Элдик толкундоонун эпкини менен премьер-министр кызматына жеткен Н.Пашиньян 1,5 айдын ичинде коррупционерлерди желкеге койгулап жатып 42 млн долларды кустуруп, экс-президент Роберт Кочарянды камакка алды. КМШ алкагында коррупцияга коко-сунан малынган экс-президенттин биринчи жолу камакка алынышы дүйнөлүк коомчулукта да колдоого алынып жатат.

Сынтага албайбыз

Ушул жагынан алганда Кыргызстан деле оңбой калыптыр. Эгемендиктин тарыхында бир эмес эки экс-премьер-министрдин, коррупция менен айыпталып камакта отурушу коррупция менен күрөшүүдөгү мактаныч эмес, тескерисинче анын коолап-чайлап кеткен масштабын, мамлекеттин коопсуздугуна келтирген коркунучун көрсөтүүдө. Мамлекеттин турмушунда экономикалык коопсуздук деген түшүнүк бар. Кыргызстандын денесине сүлүк курттай жабышкан коррупция, сырттан келген инвестиция салымдарында, стратегиялык обьектилерде жана жол курулушунда, бардык тармактардагы кыймылдаган бюджет каражаттарында, кала берсе тарых музейинде кыйшалаңдап сойлоп жүргөнүн, ачылып жаткан фактылар тастыктап турат.

Коррупциянын уясы кайда?

Кыргызстандагы коррупциянын сабак болчу дагы бир өзгөчөлүгү бар. Бул бардык тармактардагы бийлик бутактарына коррупциялык схемалардын сиңип кетиши. Демек, ошол бутактардын бирине эптеп илинип алсаң, калганы бетиңдин калыңдыгына, алкымыңдын кернейдей кеңдигине жараша бүтө берчү күндөрдү баштан өткөрдүк. Ырас, андайлар четинен кармалып, камалып жатышат. Алардын чекесине “коррупционер” деп жазылып турбаганы менен асман тиреген хан-сарайлары, адам акылын маң кылган мүлктөрү бир мандеми бар экендигинен кабар берип турчу. Атургай бийликтин бийик бутактарына конуп алышып, элге акыл айтып, кооз сүйлөө жагынан алдына адам салышчу эмес. Айталы, кара жанына күч келгенде жазгы шырылдаң суукта кара сууну кече качып, АКШга баш калкалап кеткен А.Шадиевди алсак, ачыкталган мүлкүнүн куну — 1,2 млрд.доллар экен. Муну уккан көпчүлүк сырткы карызыбыздын кыйласын жапчудай экен дешип баш чайкашууда. Ошол эле Бишкектин экс-мэри, учурда камакта уктоо режимине өткөн А.Ибраимовдун социалдык түйүндөргө жарыяланган дүнүйө-мүлкүнө көз салып көрсөк, ага тиешелүү бир гана жеринин аянты 350 гектарга чамалап барат экен. Калган оокат-мүлкүн санап отуруу үчүн атайын эсептөө компьютерин алып, бир күн отурууга туура келчүдөй. Муну менен Кыргызстанда бийлик баюунун булагы болуп калгандыгын айтып жатам. Ошол эле А.Ибраимовдун соңку жылдары түтөп байып кеткендиги бул сөзүмдүн далили.

Кустуруп жатабыз

Белгилүү болгондой Президент Сооронбай Жээнбековдун жүргүзүп жаткан саясатына ылайык Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөшүү апогейине жетип турган чагы. Президент эң биринчи коррупция менен күрөшүүгө чакырылган күч органдарынын өздөрүн коррупциядан арылуу талабын катуу койду. Учурда бул багытта күч органдарынын аракети кадимкидей сезилип турат десек аша чаппайбыз. Натыйжа жаман эмес. Президенттин талабына ылайык коррупционерлерден өндүрүлгөн каражаттарды бир жерге топтоо үчүн Финансы министрлигинин алдында Бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган. Бул эсепке бүгүнкү күндө 235 млн.сом каражат которулду. Мындай кадамдар коомчулукка майдай жагып, айрыкча карапайым адамдар “кустура түшкүлө” деп кол чабууда.

Фактыга кайрылсак, бул эсепке Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматы (Финпол) — 63,3 млн.сом, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) — 111,6 млн. сом, Башкы прокуратура — 59,6 млн. сом, Ички иштер министрлиги (ИИМ) — 533 миң сом которгон. Албетте, булардын баары коррупционерлерден өндүрүлгөн каражаттар. Ошону менен Кыргызстан эгемендиктин эртеси эле этегине жармашып, андан өтүп мойнуна чейин он оролуп алган коррупцияны ооздуктоого белсене бет алды. Анын алкагында үрөйдү учурган кылмыш иштери ачылууда. Чындап келсе, көпчүлүк эл айтып жаткандай тышкы карызыбыздан ушул коррупционерлердин эсебинен эле кутулуп алсак болчудай. Анткени, анын масштабы да ошончолук болуп жатпайбы.