Унаа айдап бара жатып, кино көргөн маршруттун айдоочусу кармалды

Унаа айдап бара жатып, кино көргөн маршруттун айдоочусу кармалды. Бул тууралууЖол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) басма-сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул боюнча №128-маршруттун айдоочусу Билимбек Токтоназаров кармалган. Ага административдик иш козголуп, айдоочу жана аталган маршруттун бригадири менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Эскерте кетсек, 1-август күнү социалдык тармактарда маршрут айдап бара жатып, кино көргөн айдоочунун видеосу жарыяланган болчу.