Осмонбек Артыкбаевдин мүлктөрү камакка алынды

Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаевдин жана анын жакындарынын мүлктөрү камакка алынды. Бул тууралуу  УКМКнын басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, Артыкбаевге козголгон кылмыш ишин иликтөө алкагында мүлктөрү камакка алынган.

Эске салсак, Осмонбек Артыкбаевге 5-июнда «Бишкек ЖЭБди модернизациялоо» долбоорун ишке ашыруудагы коррупция боюнча кылмыш иши козголуп, камакка алынган. Биринчи Май райондук соту Артыкбаев тергөө  иштери  аяктаганга  чейин  Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында болот деген чечим чыгарган. Артыкбаевдин жактоочусу анын ден соолугуна байланыштуу баш коргоо чарасын өзгөртүү үчүн Бишкек шаардык сотуна арыз берген. Шаардык сот Артыкбаевдин баш коргоо чарасын карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

Осмонбек Артыкбаевдин камакка алынган мүлктөрүнүн тизмеси:

— 1992-жылы чыккан ГАЗ-53 үлгүсүндөгү унаасы;

— 1992-жылы чыккан Ауди 80 үлгүсүндөгү унаасы (баласы Айдар Артыкбаевге тиешелүү);

— 2013-жылы чыккан Лексус-ЛХ570 үлгүсүндөгү унаасы;

— Бишкек шаарындагы турак үй. Жеңиш көчөсү, 12;

— Бишкек шаарындагы имарат. Эркиндик бульвары, 58;

Жубайы Раушан Артыкбаевага катталган мүлктөрдүн тизмеси:

— 2007-жылы чыккан Лексус-GХ470 үлгүсүндөгү унаасы;

— 2006-жылы чыккан Лексус-GХ470 үлгүсүндөгү унаасы;

— 2011-жылы чыккан Лексус-GХ460 үлгүсүндөгү унаасы;

— 2006-жылы чыккан Мерседес-Бенц-Е350 үлгүсүндөгү унаасы;

— Аламүдүн районундагы жер тилкеси. Ч.Айтматов кең көчөсү, 97/4;

— Бишкек шаарындагы дүкөн. Ч.Айтматов кең көчөсү, 97/4, 1-батир;

— Бишкек шаарындагы имарат. Киев көчөсү, 38;

— Бишкек шаарындагы көп кабаттуу батир. Геология көчөсү, 28;

— Бишкек шаарындагы имарат. Байтик баатыр көчөсү, 57;

— Бишкек шаарындагы имарат. Манас көчөсү, 8-үйдүн 5-батири;

Ошондой эле Артыкбаевге таандык болгон үлүш:

— «Ийгилик биримдик» коомдук фонду, Бишкек шаарындагы Чүй кең көчөсү, 4 «А»;

— Бишкек шаарындагы «Ак-Фонд» коомдук фонду. Чүй кең көчөсү, 4 «А»;

— Бишкек шаарындагы «Petroleum К & К» Кыргыз-Казак ишканасы. Эркиндик бульвары 64/5;

— Бишкек шаарындагы «Келечек социалдык-экономикалык изилдөө» коомдук бирикмеси. Эркиндик бульвары, 58;

— Бишкек шаарындагы «Лазурная Гавань» ЖЧКсы. Эркиндик бульвары, 58 «А»;

— Бишкек шаарындагы «Би Воет» ЖЧКсы, Эркиндик бульвары, 59 «А»;

— Бишкек шаарындагы «Бишлонд» ЖЧКсы. Эркиндик бульвары 58 «А».