Баатыр кылбай басынталы, жибип кетпей жийиркенели!

Эрнис БАЛБАКОВ, «Кыргыз Туусу»


Жакында эле Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов «Коррупционерлердин өзүнө гана чара көрбөстөн баласынан небересине чейин мамлекеттик кыз-матка алынбасын» — деген мыйзам кабыл алуу ну сунуш кылам. Ошондо коррупция мурас керликке айланбай, анын кесепети урпактарына да тиери белгилүү болот. Жемкорлор сестениш керек»- деди. Эл өкүлүнүн бул кебин мен туура көрдүм. Абалтадан калган «атасы үчүн баласы жооп бербейт» деген жазылбаган элдик мыйзамды, эл ырыскысына кол салган ушул алдым-жуттумдарга  колдонбой деле койсок туура болчудай. Президентибиз айтмакчы, «Уурулар байлыгына манчыркап жүрмөк тургай, коомдун жек көрүүсүн сезип, арабызда баса албай турган чөйрөнү түзүү керек».

Керемет жери, көп түрлүү кени, эмгекчил, сабаттуу эли, анчалык деле көп эмес 6 миллион калкы бар Кыргызстан эчак эле алдыңкы өлкөлөрдүн катарынан орун алмак. 20 жылга жакын убакыттан бери жалаң мамлекеттик кызматтарды аркалап келген Аскарбек Шадиев аттуу экс-чиновниктин камакка алынган мүлкүн көрүп, өлкөбүздүн өнүкпөй, өспөй, бечел, оорукчан болуп оңоло албай жатканынын так диагнозун билдик. Албетте муну баарыбыз билип, сезип эле жүрөбүз деңизчи. Бирок, Шадиевдикин УКМК расмий түрдө тастыктап, тактап, тизмектеп берди. Шадиевге окшогон, 20-25 жылдан бери ээрден түшпөй, өздөрүн ууру эмес, элита сезип жүргөндөр канча?

Анда эмесе, экс-чиновник Аскарбек Шадиевдин иштеген жерлерин анан «тиштеген» мүлкүн тизмектеп берели:

«Чү»  дегенде  эле  Аскарбек  Шадиев 2000-2002-жылдары 31 жашында ЖКнын Мыйзам чыгаруу палатасына депутат болуп, Лицензиялоо, прива-тизациялоо жана жеке менчик комитети-нин төрагасы болуп шайланган. Баш айлан-дырган байлыгынын башаты дал ушул май-талкан комитеттен башталса керек.

2002-жылы Каржы министринин орун басары, ошол эле жылы Каржы министрлигинин алдындагы Кирешелер бо-юнча комитеттин төрагасы;

2003-2005-жылдары Баткен облусунун губернатору;

2005-2007-жылдары ЖК депутаты;

2007-2010-жылдары  ЖКда  «Ак  жол» фракциясынын депутаты, Экономика, бюджет жана каржы комитетинин төрагасы;

2010-2012-жылдары  Энергетика  жана өнөр-жай министри;

2015-жылы ЖКда «Бир бол» фракциясынан депутат;

2017-2018-жыл-дары биринчи вице-премьер-министр болгон;

Сары  ооз  балапан  кезинде  саясатка  келип,  мамлекетибиздин жалаң каржысын караган тармактарда иштеп келген Аскарбек Ша диевдин эми «маңдай тери, таман акысы» менен тапкан байлыгын санайлы:

— «Карвен четыре сезона» ЖЧКнын 33,33 пайыздык үлүшү;

— «Бената» ЖЧКнын 50 пайыздык үлүшү;

— «Карвен групп» ЖЧКнын 50 пайыздык үлүшү;

— «Ларел» ЖЧКнын 50 пайыздык үлүшү;

— «Боорсок плюс» ЖЧКнын 100 пайыздык үлүшү;

— «Тип-Топ» ЖЧКнын 100 пайыздык үлүшү;

— «Боорсок плюс» жана «Трейд Инвест» ЖЧКларынын 100 пайыздык үлүшү;

— «Континенталь транс сервис» ЖКЧнын 33,33 пайыздык үлүшү;

— «Аква Инвест плюс» ЖЧКнын 50 пайыздык үлүшү;

— «Аква Инвест» ЖЧКнын 100 па-йыздык үлүшү;

— «Союз Инвест» ЖЧКнын 100 па-йыздык үлүшү;

— Байлыгы ашып-ташыгандар мекен-деген «Алар-Арча» конушундагы эки хан сарай;

—  Бишкектин  Совмин  шаарчасындагы турак-жай;

— Т. Үмөталиев көчөсүндөгү элиталык батир;

— Манас проспектиндеги турак-жай.

Бул мүлктүн баарын УКМК камакка алган.

Ошондой эле Аскарбек Шадиев менен жубайы Асель Шадиевага таандык 25 банктагы ячейкалары тоңдурулган. Акыркы сөздү, албетте, сот айтат. Бирок «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланмайынча» мынча байлыкты топтоо мамлекеттик кызматкер үчүн таптакыр мүмкүн эмес экенин баарыбыз билип, түшүнүп турабыз. Кыянатчыларга каршы бул жолку күрөштүн жолу ачылып, мамлекетибиз эртерээк оңолуп кетсе экен! Элибиз дагы акчага алданып, аларды алдыга салбай жек көрүп, жийиркене баштаса…