Бишкек-Анталия багытында учак учпай калды

5-августта Бишкек-Анталия багытында уча турган А320 үлгүсүндөгү учак «Манас» аэропортунан учуп чыккандан кийин 3 мүнөттөн соң конууга аргасыз болду. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, «Авиатрафик» компаниясына тиешелүү учак саат 7:46да абага көтөрүлгөн. Көп өтпөй анын кыймылдаткычтарынын бири жакшы иштебей, конууга аргасыз болгон. Учакта 111 жүргүнчүдөн сырткары 6 экипаж мүчөсү болгон. Ал эми жүргүнчүлөргө компаниянын кызматкерлери тарабынан ысык тамак берилип, мейманканаларга жайгаштырылган. Каалоочулар өз үйлөрүнө кетишкен.

Бул боюнча Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттиги тарабынан иликтөө жүрүп жатат.