Жаңы котормо: Биз мындан да ары барабыз

Жазуучулук өрүндө ысымы дүйнө жүзүнө даңаза болуп, өмүрү аңызга айланган Чыңгыз Айтматов аганын орус тилинде жазган: “Сыпайчы” (1953-жыл), “ Ашым” (1952-жыл), “Биз мындан ары да барабыз” (1952-жыл) жана “Кайракы жерде” (1954-жыл) аттуу аңгемелери 2008-жылы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматы тарабынан 3-жолу толукталып басылып чыккан Кыргыз Республикасынын жазуучуларынын өмүрү, чыгармачылык жолу туурасындагы маалымдамада негедир этибарга алынбай, киргизилбей калган көрүнөт. Жогорудагы аталган аңгемелер учурунда ар кайсы басма сөз каражаттарына басылып, ошол бойдон кыргыз тилине которулбай, бүгүнкү күнгө чейин окурмандарыбыз кабарсыз калгандыктан биз аттары аталган төрт аңгемени кыргыз тилинде окурмандарыбыздын назарына сунуштадык.

(Котормочулардан)

Сиз Бейшеналы аксакалды тааныйсызбы? Тааныбайт болушуңуз керек. Ал “Кызыл-Туу” колхозунда мурап болуп иштейт. Эсиңизге тутуп коюңуз: Бейшеналы демейде жайкысын баштан-аяк аппак кийимчен жүрөт: ак көйнөк, боз кендир дамбал, кырларына оюм-чийим салынган саймалары бар кийиз калпак. Калпактын алдынан жулма сакалдуу, арыкчырай, кара күрөң тартып коло түстөнгөн жүзү, моңголдукундай бүтүйгөн көздөрү көрүнөт. Ал дагы эле болсо чымыр.

Сиз аны көбүнчө башкы шлюз жактан таба аласыз. Бейшеналы ал жерде сууну арыктарга сарамжалдуулук менен шакылдата бөлүштүрүп жатканын же талаадагы сугатчылардын арасынан көрөсүз.

Кышында Бейшеналыны колхоздон табуу кыйын – ал райондун суу чарбасынын семинарларына такай катышат. Албетте, карыларга дагы окуш керек эмеспи. Чынында көк башы Бейшеналы ансыз деле суунун тилин эң жакшы билери баарына маалым. Бирок, ал андан да көбүрөөк өздөштүрүшү керек да. Мисалы, сугаттын жаңы системасын, деги эле бул дүйнөдө адамга керектүү жаңы нерселер улам пайда болуп жатпайбы.

Ошол Бейшеналы бир күнү Волга-Дондон кат алат. Анын уулу – экскаваторчу. О! Карыган мурап менен Волгадон же башка коммунизмди куруучулар жөнүндө эмнени сүйлөшсө болот? Тынчсызданбай эле коюңуз, ал баарын билет, ал тургай сиз билбегенди, укпаганды да билет. Ал сизге ушундай татаал, кызыктуу суроолорду бергенде, тим эле жооп таба албай каласыз.

Сабатсыз эле киши, өзү гезит деле окуй албайт, бирок “Кызыл Кыргызстан” гезитине жазылып алган. Кечкисин кызыл бурчта алган гезитин ага окуп беришет. Кокустан ал жерде эч ким жок болуп калса, ал клубда жүргөн кайсы-бир комсомол баланы таап алып, окутуп, ал тургай маанисин кайра башынан айттырат. Уулунун катындагы окуяларды баарына жеткириш керек да. Өзү дагы арамы жок, ичине кир сактабаган Бейшеналы башкалардан сыр жашырганды жаман көрөт окшойт. “Катты үн чыгарып окуп бер “деп бирөөлөрдөн суранат, айрыкча каттын аяк жагында жазылган “Сиздин уулуңуз Бейшеналиев Самсалы” деген жерине келгенде: “Сен үнүңдү катуу чыгарып, элестүү кылып окуп бергин. Баарына түшүнүктүү болсун!” – деп, улам-улам кайталатат.

Биздин мурабыбыз мына ушундай. Дагы көк башы Бейшеналы өз айылында укмуштай ырчы-комузчу экенин да унутпай айта кетели. Эгерде сиз ага жолугуп калсаңыз, анын комузда көзгө илештирбей көйрөң черткен манжа-лары кандай гана уккулуктуу ырларды ырдап, күүлөрдү чертерин да угуп коюңуз.

***

1915-жыл – Бейшеналынын жыйырма экинчи жаш курагы, ал элдин эсинде эң коркунучтуу жут жыл болгону менен эсте калды. Ачарчылык малды-жанды аёосуз кырып жатты. Жут деген тамак-ашы жокторду өзгөчө курутат эмеспи.

Дал ошол жылы бүт Талас өрөөнүнө таанымал Боромбай  манап   Чоң  арык  курдурууну  чечип,  бардык  айыл  менен  кыштоолорго   жарчылар  кабар жеткиришет:

– Эй! Тирүү жан барбы? Чык бери! Азуусун Айга жанган Боромбай манаптын буйругу менен чоң арык курула баштайт! Ал жерде иштегендерге манап бекер тамак бердирет! Алсыздарга, жарды-жалчыларга кылган ырайымы үчүн Боромбайды Алла Таалам жалгасын!

Ошентип, Бейшеналы да эл катары куйкалаган Күндүн ысыгынан аскадай катып калган кургак жерди кетмени менен чукулап казып жатты. Көк-Суу дарыясынын жээгинен Сары- Адырдын боору менен үч чакырымдай жерге дөбөнүн капталын көздөй топурактан жасалган кырлар ийри-буйру болуп арыктагы суунун жаңы нугун жаратып жатышты. Бул жердеги ар бир укум жер, дөбөчөдөгү шагылдын чүкөдөй ташын кара жанын карч уруп жатып казып алып жаткан кетменчи куу тумшуктардын маңдай те-ри, көз жашы менен сугарылган.

Каалагандар да, каалабагандар да айласыздан куураган курсактын айынан – бир чөйчөк жарма менен бир үзүм загыра нан үчүн ушул тозокко келишкен. Адалдан түгү жок кембагалдар Сары-Адырдын бооруна кол жоорутуп кетменин уңгусуна чейин житире чаап, болочокто суу чуркай турган арыктагы казылып алынган зор таштарды күч менен ала салдырып, белдери майыша замбил менен четке ташып жатышты. Сары-Адырдын этек жагындагы кырдан ылдыйраак жерде мандикерлер менен чарыкерлердин кунарсыз кара алачыктары, үтүрөйгөн боз үйлөрү жайгашкан. Алардын арасында ачкалыктын айынан итий болуп бойлору өспөй кибиреп, курсагы чердейе чыккан кичинекей балдар, кынжыйган ач иттер жана карылыгы жеткен оору-сыркоо кемпир-чалдар сенделе басып жүрүшөт. Бул жердеги тозоктуу иште тымтырстык өкүм сүрүп, бири-бирине жылуу сөз айткан киши жок, кыздардын шыңкылдаган күлкүсү угулбайт, мындагы бир да жандын оюна ырдоо келбейт.

Бейшеналы алды жакта, арыкка жаңы нук сала турган жерде иштечү. Бул жердин жумушу өтө оор болгондуктан кетменди кериле чапканга кудурети бар жигиттерди гана коюшкан. Алардан эки жүз саржандай нары жактагы казыкта семизинен бир дагы кабыргасы ачылбаган тору бээни байлап коюшкан. Күн сайын саргайып таң атканда “арык казуу ишинин билгичи”, алардын ишин көзөмөлдөөчүсү Жолбун деген куу такым бээни иштеп жаткандардан ары алыс алып барып байлайт да, апкөй тилге салып, амалданып айтат:

– Мына, достор, бүгүн ушул бээге чейин казсаңар, кечинде аны силерге союп берем! Эмне мени силерге кам көрбөйт деп турасыңарбы? Эт жеп, шорпо-шилең ичсеңер жаманбы…

Ошентип, эрте таңдан тартып кайрадан адаттагыдай азаптуу күн башталат. Алар керелди кечке белин жазбастан бир саамга да эс албай, чаң менен кум жутуп, туздуу коңурсуган терин төгүп, бар болгон күчүн жыйнап иштей беришет. А, алды жактагы талдын көлөкөсүндө болсо жүнү жылтылдаган бээ чымындардан коруган куйругун шыйпаңдатып турганы турган.

– Бүгүн сөзсүз ага чейин казып бүтүү керек! Эмне болсо да жетүү керек! Атаганат, кур дегенде бир жолу оозуң толо эт жээр күн кана? – деп ойлонот алардын ар бири.

А тиги Жолбун мытайым, бээни башың менен жер казсаң да жетпей турган жерге байлап койгонун түшүнүп турса да, кетменчилер ачкалыктан курсактары курулдап, ашказандары бурап ооруп, колдорунун чорлору канап чыкканына карабай, жон териси сыйрылганча иштешет. Жетем деген максаты жакын эле калгансыганы менен ага жетмек кайда? Бээ алар үчүн асмандагы Айдай эле кол жеткис… Томсоргон шордуулар бүгүн дагы демейдегисиндей эле жаны кашайып, үмүтөткөн чүйгүн эттен куржалак калып, шилекейин жута, бозоруп жумуштан кайтышты.

“Ха-ха-ха!”  –  деп  капкан  бузуп,  тизген  үзгөн көзөмөлдөгөн  кароолчулар   боорун  тырмап,  буларды шылдыңдай табасы кана каткырышат. “Карасаң, бул томаяктардын семиз эт жегилери келип калганын! Жейсиңер, төөнүн  куйругу  жерге  тийгенде!  Шилекейиңерге  чакап өлүп кетпегиле! Кара таш чайнагырлар! Жугундукорлор!..

Бейшеналынын каны башына дүргүп, жаак эттери түйүлүп, тигилердин кордугуна чыдабай кыжыры шакардай кайнап, “Ушу сенден келгенди көрдүм!”- деп тетигил жек көрүмчү семиз немени бир коюп, тумшугун каңтарып салгысы келип жатты. Бирок, ырп этер дарманы-алы жок. Бүт денеси салмактанып, коргошун куюп койгондой талыкшып ооруп, барсайып шишип чыккан манжалары жумулбай, чор баскан алакандары шүүшүндөп канталап,  сыздаган  сөөк-саактары  жанын  көзүнө көргөзүүдө.

Арыктын  нугу  адырдын   боору  менен  акырындап көтөрүлүп олтуруп, илгертен бери ушул Сары-Адырда жалгыз соксоюп турган кишинин тулкусун элестеткен Моло-Ташка араң жетти.

– Эми нукту мындан ары акырындап ылдый түшүрүш керек. Суу мындан өйдө көтөрүлбөйт, – деп Бейшеналы өз пикирин айтты.

Ал ошол кезде эле сугат иштеринин сырларына кызыга баштаган.Томаяктын сөзүнө куйкасы куруша түшкөн Жолбун аны мыскылдуу карап:

– Бас жаагыңды, былжырабай! Моло-Таштан жогору казгыла, калганын анан көрөбүз, арам тамак! – деп кекээрледи.

Арыктын көптөн күткөн салтанаттуу ачылышына Кудай-Теңирин тааныбай манчыркаган Боромбай өзү дагы келди. Анжыяндык сайма чапан, кымбат баалуу суусар тебетей кийген Боромбай өзүнүн суу куйса төгүлгүс боз аргымагында ныксырай, тим эле Ай чапчый тургансып дөгүрсүп отурду. Ал элди каакым ордуна көрбөй кайдыгерлик менен көңүлкош сыдыра тиктеди да, анан көз карашы Жолбунга токтолду.

– Улуу даражалуу таксыр! -деп, колун көкүрөгүнө алып, уламдан-улам бүгүлө жүгүнгөн Жолбун алдыга чыгып:

– Кудайдын жардамы менен Чоң-Арыкты уланттык. Байлык менен бак-дөөлөт сизди көздөй мына ушул суудай болуп аксын! – деп көшөкөрлөндү.

Молдо куранды өтө эле узакка созо окуду. Топурактан кырданта жасалган тосмо жалдын ортосундагы оюктан суу атырылып чыкты да, арыктын түбү менен акырын жылжып ага баштады. Баары сууну ээрчип жөнөштү. Алдыда – Боромбай жан- жөкөрлөрү менен, артында – мандикер кембагалдар. Алар үн-сөзсүз суунун шуулдаган бойдон кургак жерге сиңип жатканын, чоң-кичине таштар анын алдында калып жатканын баамдап карап баратышты. Анткени менен тигилердин баары эле алардын жаратылышты жеңген эмгегинин салтанатына кубанып баратышкан жери жок болчу. Ичкени – шылдыраган суюк жарма, жегени – жүгөрү нан, өздөрү ыргай менен торгойдой болуп, чымындай жаны гана тирүү калганына сүйүнүшмөкпү? Ушул сууну пайдаланганы үчүн Боромбай алардан эми мурдагыдан да көп салык аларына кубанышмакчыбы же ушул арыктын жээгине курулган Боромбайдын тегирменинин ташына алардын жарыбаган түшүмү жук гана болорунабы ? Аңгыча суу Моло-Ташка жетти да, ары көздөй жылбай, айта-буйта дегиче шаркырап аккан бойдон дөңдөгү бийиктикте кысылган каналдын ичине уюлгуп, айлампада топтолуп, жээгине батпай баратты. Бир балакет болорун сезип, элдин зареси учуп, чоочулай башташты. Эмне кыларын билбей калган Жолбун, айласын таппай кетменчилерге кыйкыра баштады. Бирок, кеч болуп калган эле. Азаптуу мээнет менен топурактан жасаган кырлары сууну өзүнө сиңирип бүтүп, эми жээктерин жырып, туш-тушка ага баштады. Кимдир-бирөө коркконунан катуу бакырып жиберди.Тешиктен атырылган суу улам көбөйүп, шаркыратмадай болуп ылдый

жакка бой таштап, жолундагысынын баарын агызып жөнөдү. Арыктын эки өңүрүндөгү кырдалган топурактын баары тим эле чайга салган кумшекердей балкылдап эрип, ылайлуу агындыга айланып, шырылдап ага баштады.

Бир  саамга  эси  оой  түшкөн  Боромбай  чаңырып жиберди:

– Э-эй! Эмне турасыңар? Тетиги боз үйлөрүңөрдү талкалагыла! Кереге, кийиздерди, чүпүрөк-чапырактардын баарын алып келгиле! Боромбайдын жигиттери кедейлердин баш калкалаган жайларын көздөй чуу коё чаап жөнөштү. Боз үйлөр кычырап заматта талкаланып жатты. Жигиттер колуна тийгендерди, тыгынга жарай тургандын баарын алып жөнөштү.

Баш калкалаган жайлары, алачыктары талкаланган аялдардын  чыңырып  ыйлагандары,  иттердин  арсылдап үргөнү, эркектердин сөгүнүп-сагынуусу бир заматта ал жерди алааматка айлантты. Бирок бейжайланган оюктун оозу тойбогон ажыдаардай болуп, ээ-жаа бербей  баарын  жутуп,  бүтөлбөй  жатты.  Кутурган  жырткычтай  жолундагы  боз  үйлөрдү  таштан  ташка  уруп, бырын-чырынын чыгара ала салдырып, даакысы чыккан кийиздерди, алба-далба болуп самсаалап айрылган жууркандарды үзүп-үзүп агызып, жаздыктардын ичиндеги куштун канаттары суулардын айлампасында калкып сүзүп баратты.

Эми бул долуланган ирим суунун агымын эч нерсе  менен  токтотуу  мүмкүн  эмес  эле.  Кайсы-бир зөөкүр  бир  нече  кетменчилерди  буйдамга  келтирбей  аккан  суунун  так  ортосундагы  оюк  жакка  түртүп жиберди.

– Жат! Денең менен тос! Болбосо, өлтүрөм! – деп, Б-ромбай өкүрүп-бакырды. Бейшеналыны, дагы бир-эки олбурлуу кишини суунун ичинде чабалактап жаткандардын үстүнө күч менен ыргытып жиберишти. Алар сууга какап-чакап, колго урунгандарды кармап калууга далбасташты, акыры ал-күчтөн тайганда, кийиз, жууркан-төшөктөргө кошулуп, урунуп-беринип өздөрү агып кетип баратышты. Бейшеналы бар күчүн жыйнап, суудан чыгайын деп жан талаша бир бадалды кармоого тырмышканда, чуркап жетип келген Жолбун аны так бетке тиш талаштыра тепти…

Ооба,  ошондо  анын  көрбөгөнү  көр  болуп,  башынан өткөргөн ал азаптары аз келгенсип, “иштеген акысына  алганы”  –  эки  кабыргасынын  талкаланганы болду.

***

Самсалы Бейшеналиевдин жыйырма эки жаш курагы совет элинин зор эмгек жеңиши менен даңазаланган 1952-жылга туш келди. Волга-Дон курулушу аяктап калган. Самсалы иштеген 14 кубдуу кадамдап басуучу экскаватордун экипажы Водораздельный районунун акыркы забоюнда болчу. Мыкты эксковаторчу катары ишти салтанаттуу аягына чыгарууну, акыркы жооптуу учурду атайы ага беришти. Дагы бир нече нөөмөт, анан … баарына угузуп: “Биз жасадык!” – деп айта алабыз. Ооба, биз буга чейин тарыхта болбогон ишти бүтүрдүк!”.

Самсалы атасына абдан окшош. Ал сыяктуу эле арык чырай,  кара  күрөң  коло  түстөнгөн  жүзү,  көздөрү  да моңголдукундай бүтүйгөн кичинекей, болгону бою бир азузунураак, далысы да кеңирээк. Райондун куруучуларынын ичинде ал алдыңкы экскаваторчу болгондуктан кадыр-барктуу. Сиз аны машиненин кабинасынан көрсөңүз жаш деп ойлоп, шек санабаңыз. Самсалы убактысын ар бир секундуна чейин туура пайдаланат. Анын бардык көңүлү башкаруу пультунда. Сузгучун каналга каалгыта эч дабышсыз алып барат да, кайра бир эле көз ирмемде аны жогору жепжеңил көтөрүп, абада жай гана каалгытып барып, казылып алынган топуракты чет жакка түшүрөт. Самсалы башкарган зор машинесинин элпек сузгучу менен жерден тоодой болгон топуракты чапчып алганында кандай гана рахат алат дейсиң.

“Атаке!”, – дейт, жакында эле Кыргызстандагы атасына жазган катында, “Сиз биздин экипаждын ийгилиги үчүн кубансаңыз болот. Жолдошторум мага жардам беришти. Мен жаңы иштей баштаганда жерден бир эле сузуп алганда 200 кбм. топурак алсам, эми бир нөөмөтүмдө 9-10 миң кбм. алам. Машиненин механизмдерин мындан да жакшы өздөштүргөнгө аракет кылам. Биздин экскаватордун эсебинде жерден казылып алынган топурак 2,5 миллион кбм. болду”.

Бүгүн Самсалы үчүн айрыкча кубанычтуу күн – гидромелиоративдик техникумдун кечки бөлүмүндөгү сынак сессиясын ийгиликтүү аяктады. Ал жаш шаардын жаңы курулган курулуштарын карап, көңүлү куунак келатат. Түн кирип калса да, баардык жерде иш кайнап, анын сансыз белгисин көрөсүң, байкайсың. Сен өзүң дагы чоң турмуштун бир маанилүү бөлүкчөсү экениңди сезип, көкүрөгүң сыймыкка толот.

– Ушулардын баары биздики, мына бул колубуздан жаралган! – деп күлүңдөйт, кубанычы койнуна батпаган Самсалы.

–  Мына,  биздин  Самсалы,  –  деп,   ал  бөлмөгө киргенде  инженер  Журавлев  аны  көздөй  басты да:

– Кана, отурчу. Иш мындай. Сен комсомолдук чогулушта жөндүү себеп менен катышпай калбадыңбы, баарыбыз, анын ичинде сен дагы, биздин экипаж Волга-Дон курулушу бүткөндөн кийин баралы дедик… билесиңби каякка?

– Түркмөндүк Башкы курулушкабы?

–  Туптуура,  сен  жаңылган  жоксуң!  –  деп, анын  бирге  иштешкен  шериги  Вася  кыйкырып жиберди.

– Кана, кол алыштыкпы?

–  Кол  алыштык!  Бирок,  эсиңе  алып  кой,  Самсалы, –деди инженер кабагын олуттуу бүркөп: “Ал жакка  көчүү  үчүн  бизге  машинелерди  бөлүк-бөлүктөргө чачып,   кайра  аларды  кураштырып,  ишке  киргизүүгө өтө  кыска  мөөнөт  берип  жатышат  –  болгону  эки ай.  Колдон  келсе,  андан  да  кыска  мөөнөттө  бүтүрүү керек.

– Балдар, келгиле бирге акылдашалы, – деди Самсалы кызуулана. Эки ай. Хм… Бул абдан узак.

Эки эсе аз убакытта бүтүрүш керек. Ал өзүбүзгө эле байланыштуу да, биздин иштегенибизге жана каалообузга жараша… Монтаждайбыз…

Экипаждын мүчөлөрүнүн кызуу кол алышуусу Самсалынын сунушун колдогонун билгизди.

***

Бейшеналы, башкы шлюздан арыктарга сууну бөлүштүрүп коюп, шашылбастан атын бастырып келаткан. Ал койнунан “Комсомольская Правда” гезитин алып чыгып, дагы бир жолу уулунун сүрөтүнө карады –анда Самсалы жолдоштору менен экскаваторунун жанында турган. Жанараакта эле “Кадамдап басуучу экскаватордун алдыңкы комсомолдук экипажы” – деп клубда окуп беришпедиби.

– Айланайындарым, – деп Бейшеналынын эриндери күбүрөйт, баатырларым, уулдарым! Силерди карап олтуруу мен үчүн кандай кубаныч! Бул жигит– кара тору, чачы да кара, а булар– сары чачтуу, бойлуу. Бирок кандары бир, иштери бир – жандары дагы бир, максаттары да бир…Ичи элжиреген Бейшеналынын көз жашы ирмелип кетти.

– Мына курулушу бүтсө, уулум келип кетет, – деп ойлонот ал.

– Ой-у-у! Аксакал! Токтосоңуз! – деп, почточу жаш бала минген атын аябастан Бейшеналыны көздөй чаап келатты.

– Сизге телеграмма! Шашылыш!

– Эмне, эмне?

– Телеграмма сизге, телеграмма.

Адегенде Бейшеналы апкаарып шашылып калды, анан кыйкырып жиберди:

– Оку!

– “Волга-Дон.31.5.52 – деп, шашыла демин ичине ала, почточу окуп кирди.

– Тезирээк.

– Колхоз “Кызыл-Туу”. Бейшеналыга. “Кыялыбыз орундалды. 13.55те Волга менен Дон кошулду. Биз андан да ары кеттик. Самсалы”.

Бейшеналы кубанганынан кокус жүрөгү жарылып, мындай улуу жаңылыкты элге жеткире албай каламбы деп коркуп кетти.

– Алтыным, үйгө бар, сүйүнчүгө! – деп айтканга араң жарады Бейшеналы. Анан “Чу, жаныбар! – деди да, үйүн көздөй атын алынын жетишинче чаап жөнөдү. Бейшеналынын аты анча деле күлүк эмес, бирок ага аты тим эле куштан ылдам, өзү болсо кубанычтын канатында ак чардактай болуп адамдардын, анын ичинде уулунун, анын жүрөгүнө кымбат жакындарынын, тааныштарынын, бей-тааныштарынын колунан жаралган Цимлян деңизинин толкундарынын  үстүндө  ойкуп-кайкып  бараткандай сезди.

– Ээй! Э-эй! Э-э-ээй! – деп токтоно албай Бейшеналы кыйкырып жиберди.

– Э -ээй! Э-эй! Э-э-ээй!.. Кубанган  Бейшеналынын  каргылданган  карт  үнү жаңырык болуп эрке шамал менен алыска жана бийиктикке, тоолорго жана Күнгө, дарыяларга жана талааларга кетип жатты. Мына, колунда телеграмма. Бул кабар – эки-үч гана сөз менен жазылган, бирок бул көптөн бери күткөн эң жагымдуу, өтө чоң, аябай маанилүү окуя эмеспи! Аны бүт өмүрүңдү зарптасаң да, айтып бүтө албайсың.

Волга менен Дон кошулду… Биз мындан да ары барабыз, биз ары барабыз, – деп ошол сөздөрдүн маанисинин түпкүрүнө жете түшүнгүсү келгендей Бейшеналы чаап баратып, улам кайталайт.

“Биз мындан да ары барабыз!“ – деп кайталайт, бетине урган эрке шамал.

“Биз мындан да ары барабыз! Ак жол, силерге уулдарым! Алдыга, жалаң эле алдыга! “ – деп, колхоздун клубунда Бейшеналынын комузунда колун көзгө илештирбей көйрөң чертип жаткан добушу шаңдуу чыгып жатты.

***

Угуп жатасызбы? Комуздун добушу кандай чыгып жатканын!..

Орус тилинен которгондор: Афина АБДЫЛДАЕВА, Жумабек ТОКТОГАЗИЕВ.

P.S. Аңгеме “Комсомолец Киргизии” гезитинин 17.08.1952-жылдагы №99 (3162), №100 (3163) сандарында жарык көргөн.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *