Шырдактай жайылган гүлзарлар

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, “Кыргыз Туусу”


Бишкек шаары – баарыбыздын сыймыгыбыз. Айрыкча жай чилдесинин толуп турган маалында ого бетер көркүнө чыгып, ордо калаабыздагы гүлзарлар кадимки эле кыргыздын шырдагын эске салат. Карап отуруп улуттук колоритти эң мыкты пайдаланып, шаарыбызды көрккө бөлөп жатышкан жөнөкөй эле жумушчуларга ыраазы болбой койбойсуң. Негизи эле Бишкек – бак-даракка бөлөнгөн, жашыл шаар. Аны өзүбүз айтпасак, өзүбүз кадырына жетпесек, ким баалап, ким айтат?! Борбордогу Эркиндик жана Жаш Гвардия бульварлары узундугу жана көркөмү жагынан дүйнөнүн мен деген шаарларынан кем калышпайт. Болгону эле колдогу алтындын баркын биле бербейбиз же болбосо жетишээрлик деңгээлде күтө албайбыз, ардактай албайбыз.

Береги сүрөттөрдү Ала-Тоо аянтынан тартып алгам. Ал жерден күндө кан-ча өтсөм, ошончо ирет бул эки аял ысыкта баш көтөрбөй, гүлзарларды көрккө келтирип жүргөнүн көрөсүң. Сураштырсам Бишкектеги “Тазалык” муниципалдык ишканасынын жумушчулары Элмира Гүлчанова менен Рыскүл Керимбердиева экен.

Булардын бригадасынын жумушу таңкы саат 4тө башталат. Бир гана гүлзарлар эмес Ала-Тоо кино театрынын тегерегиндеги бак-дарактарды сугаруу, таштандылардан арылтуу, тазалоо жумуштары да ушулардын мойнунда.

Сөздөрүнө  караганда  кымбат  баалуу бул гүлдөрдү алгачкы тигилгенден гүлдөп бүткөнгө чейин карап, анан үрөндөрүн чогултуп,  питомниктерде  кийинки  жылы өстүргөнгө даярдашат. Мындагы көз жоосун алган түркүн түстөгү гүлдөрдүн ар бирине өзгөчө мамиле жана эмгек жумшалаарын  айтышты.  Башкача  айтканда  ар  бир гүлдү кулактан тартып өстүрүшөт десек да болот.

Кандай болгондо да ордо калаанын көркүн ачкан гүлзарларды гүлдөткөн ушул карапайым адамдардын эмгеги чоң урматтоого татыктуу. Баса, союз мезгилинде басма сөздүн башкы темасы эмгек адамдары болчу. Учурда андайды унуттук. Жайдын ысыгында баш көтөрбөй гүлзарларды иретке келтирип жүргөн, колдорунан сулуулук, көркөмү төгүлгөн бул эки айымды атайы сүрөткө тартып алып, эмгектери жөнүндө бир-эки ооз сөз кылганымдын себеби ушул болду.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *