Жалал-Абадда чагылгандан улам 158 майда жандык өлдү

Жалал-Абадда чагылган кичи мүйүздүү малды өлтүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 3-августта Шылдырак жайлоосунда бир короо койго чагылган тийип, 35 эчки жана 6 кой өлгөн. Ошондой эле Кыз-Көл айыл айымагында 3-августта Чал жайлоосунда чагылган 117 койду өлтүргөн.