Таласта эки күндөн бери куураган чөп өрттөнүүдө

Талас облусунун Манас районунда эки күндөн бери куураган чөптөр өрттөнүп, Манас районуна 1-августтан тартып өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 28-июлда Покровка айылынын Казакстан менен чектешкен жеринде куураган чөптөр өрттөнө баштаган. Өрт 4-августта саат 15:40та өчүрүлгөн.

5-августта Казакстан тараптагы өрт биздин аймакка өтүп кеткен. Натыйжада өрттү азыркыга чейин өчүрүп бүтүшө элек. Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, 2 миң гектар куураган чөп жана бадал күйүп кеткен.

Өрттү өчүрүүгө облустун бир канча районунун өрткө каршы кызматтары катышууда. Ошондой эле, милициянын, токой чарбасынын, техникалык лицейдин кызматкерлери, жергиликтүү тургундар кошулуп, жалпысынан 350 киши өрттү өчүрүүгө аракет кылып жатышат.