Веложарышчы Евгений Ваккер 7-Азия оюндарына Ысык-Көлдө даярдык көрүүдө

Белгилүү кыргызстандык веложарышчы Евгений Ваккер Индонезияда өтө турган 7-Азия оюндарына катышат. Бул тууралуу Кыргызстандын велоспорт боюнча федерациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ваккер учурда Ысык-Көлдө даярдык көрүүдө. Машыктыруучу Эркен Акрамовдун айтымында, спортчу эки аралыктагы жарышка түшөт. 145 чакырым аралыктагы топтук жарышка жана өзүнчө 43 чакырым старт менен жеке жарышка катышат.

Евгений Ваккер Азиянын 4 жолку чемпиону, Азия оюндарынын 6 жолку медалисти, “В” тобундагы дүйнөнүн эки жолку чемпиону, 3 Олимпиада оюндарынын катышуучусу, трек боюнча Азия кубогунун ээси. Анын эсебинде велоспорт боюнча Азиянын чемпионаттарынын эки күмүш, 4 коло медалы бар. 2011-жылы Ваккер “Даңк” медалы менен сыйланган.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *