Балыкчыда милиция кызматкерлерине ок чыгарышты

Балыкчыда милиция кызматкерлерине мергенчинин мылтыгынан ок чыгарышты. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 6-августта саат 23:20 чамасында милицияга көчөлөрдүн биринде жаш жигиттер чогулуп, ок атуучу куралдан атып жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. 4-5 адамдан турган топ аларга жакындап келе жаткан милиция кызматкерлеринин унаасын көрүп тартип сакчыларын көздөй ок чыгарышкан. Андан соң унааны таш менен ура башташкан. Натыйжада милиция кызматкерлери табелдик куралдан эскертип асманга атышкан. Бирок балдар аларга баш ийбей окуя болгон жерден качып кетүүгө аракет жасашкан.

Иликтөөнүн жүрүшүндө Тоң районунун Шорбулак айылынын жашоочусу 20 жаштагы А.Данияр жана Балыкчынын 20 жаштагы тургуну У.Бакыт кармалган. Экөөндө тең ИЖ-18ЕМ үлгүсүндөгү мергенчинин 2 мылтыгы, 3 патрон болгон.

Аталган факт боюнча 234-берене (бейбаштык) менен кылмыш иши козголуп, кармалгандар Балыкчы ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иши жүрүүдө.