Сертификатты тактап алып экспортко чыгар

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, “Кыргыз Туусу”


Бир аптанын ичинде Россиянын аймагына ташылып жаткан кыргыз фермерлеринин 120дан ашык тонна жашылча-жемиштери кайра кайтарылды.

Экспорттолгон айыл чарба продукциялары фитосанитардык лабораториядан өткөрүлгөндүгү боюнча сертификаттары так эместиги, талапка жооп бербегендиги ушуга себеп болгонун “Россельхознадзор” федералдык кызматы айтууда. Жүктөр дыйкандардан сатып алынган ишкерлерге таандык экен. “Росселхознадзор” сертификаты жасалма болгон казакстандык ишкерлердин да тонналаган жашылча жемиштерин өткөрбөй койгон. Айрым пикирлер боюнча  Россия өздөрүндө чыгарылган айыл чарба продукцияларынын рыногун коргоо үчүн ушундай кадамдарга барып жатышы ыктымал.