800 мектеп аккредитациядан өтпөй калган

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, «Кыргыз Туусу»


Республика мектептерин компьютер менен керектүү деңгээлде камсыздоо үчүн 27 миң компьютер тартыш болууда.

Республикада өткөн жылдан баштап, мектептерди аккредитациялоодон өткөрүү жүргүзүлүүдө. Билим берүү жана илим министри Г.Кудайбердиеванын билдиргенине караганда учурда 1900дөн ашык мектеп аккредитациялоодон өткөн. Андан өткөрүүнүн талабы боюнча окуу-чулардын ЖРТдан жогорку баллга жетишүү көрсөткүчү, олимпиядаларга катышуулары, суицид, мушташ сыяктуу кылмыштардын катталбаганы, балдарды окутуунун жана тарбия берүүнүн сапаты сыяктуу критерийлер эске алынат. Республика боюнча учурда 800дөн ашык мектеп аккредитациялоодон өтпөй калганы белгилүү болду.