Куралың болсо ИИМге өткөр

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, «Кыргыз Туусу»


Жакында Чүй облусунун Ички иштер бөлүмү үйүндө курал-жарактары бар жарандарга кайрылуу жасап, өз ыктыяры менен өткөрүп берүүгө чакырды.

Облус  аймагында курал-жарактарды издөө боюнча пландуу иш-чаралар өткөрүлүп турат. Үстүбүздөгү жылдын алты  айында  53  ок атуу чу курал милиция бөлүмдөрүнө өткөрүлүп  берилген. Анын ичинен 29у мыйзамсыз катылып жүргөн. Ал эми ИИМ өз ыктыяры менен курал-жарактарын өткөрүп берген жарандарга акчалай сыйлык берүүнү сунуштап жатат. Мындай токтомдун долбоору коомчулуктун талкуусуна коюлду. Ал түгүл курал-жарактардын түрүнө карап, бериле турган сыйлыктардын акчасынын көлөмү да сунушталып жатат.