Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: «Ипотекалык компанияга 500 млн. сом бөлүндү»

Экономикада өсүү тенденциясы бар

2018-жылдын алты айындагы өлкөнүн социалдык-экономикалык  абалы  жаман эмес. Эң башкысы экономиканын өсүү динамикасы сакталып калды. Айрым тармактар боюнча туруктуу оң көрсөткүчтөр болду. Ал эми ИДПнын көлөмүнө келсек, ал 213, 6 млрд. сомду түзүп, өткөн жылдагыга салыштырмалуу азын-оолак жылыш бар. Бул жерде «Кумтөрдүн» үлүшүн кошпогондо өсүү деңгээли 2,1 пайызга барды. Инфляциянын жылдык орточо көлөмү 102,3 пайызды түзүп, 04 пайызга ылдыйлаганы байкалган. Экономикалык өсүү тенденциясы дээрлик бардык секторлорду камтыды. Өткөн кышта кардын аз жааганына жана жаздын кечеңдешине, күйүүчү майлардын кымбаттоосуна карабай, айыл чарба тармагындагы өсүш 1,6 пайызды түзгөн. Өткөн аптадагы Өкмөт жыйынында Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин билдиргенине караганда жыл сайын агрардык тармакка берилип келе жаткан жеңилдетилген кредиттер үстүбүздөгү жарым жылдын ичинде 4,5 млрд. сомго жеткен же 10151 адамга берилген. Быйыл республика аймагындагы айдоо жерлердин аянты 1 млн. 215 миң гектарды түзүп, жылдагыга салыштырмалуу 7,8 миң гектарга көбөйтүлдү. Кызмат көрсөтүү тармагынын дүң продукциясы 175, 4 млрд. сом болуп, 100,7 пайызга жетиптир. Курулуш тармагынын дүң продукциясы 44 млрд. сомдон ашып, 5 пайыздан көбүрөөк өсүштү камсыздады.

Бүгүнкү күндө Кыргызстан дүйнөнүн 118 мамлекети менен соода-экономикалык байланыштарды жүргүзүүдө. Атап айтсак, экспорт 681 млн. долларды түзүп, өткөн жылдагыга салыштырмалуу 5,5 пайызга өсүп, импорт болсо 2,1 млрд. сомду түзүп, 27 пайызга көтөрүлгөн. Ошол эле учурда 2018-жылдын 1-августуна карата мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгү 79,3 млрд. сомду түзүп, 105 пайызга жетти. Бул 2017-жылдагыга са-лыштырмалуу 6,1 пайызга жогорулаганын билдирет. Өлкөнүн аймактарын өнүктүрүүдө артыкчылыктуу өсүү точкалары белгиленген. Азыркы күндө 20 чакан шаарды өнүктүрүү пландары иштелип чыгып жатат. Мамлекеттик ипотекалык компанияга 500 млн. сом бөлүндү. Аймактарда чакан жана орто бизнести өнүктүрүү максатында Кепилдик фон-дусуна 300 млн. сом каражат каралды. Билим берүү жана саламаттык сактоо тармактарына быйыл 104 жаңы социалдык объектилер курулууда. Учурда анын 19у курулуп бүттү. Ал эми 1-сентябрга чейин алардын 35и пайда-ланууга бериле турганын Өкмөт ишендирип жатат. Анын ичинде былтыркы жылы жа-ратылыш кырсыктарынан жабыр тарткан Өзгөн, Чоң-Алай, Лейлек райондорундагы 16 объектинин ишке берилиши камтылыптыр.

Мектептердин 100 пайызы интернетке кошулат

Кыргызстан агартуу тармагына бюджеттен эң көп каражат бөлгөн мамлекеттердин ичинде. Быйылкы жылы бюджеттин 18,3 пайызы билим берүү тармагына каралган. Мисалы, 2012-жылы бул тармакка 21 млрд. сом бөлүнгөн болсо, быйыл 29, 7 млрд. сомдон ашык каражат каралып, акыркы беш жыл аралыгында аталган тармакты каржылоо 27 пайызга көтөрүлгөн. Үстүбүздөгү жылы капиталдык салымдарды каржылоого 2,9 млрд. сом бөлүнүп берилүүдө. Андан тышкары, Билим берүү жана илим министрлигинин бюджетине агартуу мекемелерин утурумдук оңдоп-түзөөлөргө 100 млн. сомдун тегерегиндеги акча каралган. Булардан тышкары, жаңы окуу китептерин басып чыгарууга каражат которулуп келе жатат. Мектептерди интернетке туташтыруу тездик менен жүргүзүлө баштады.

Аталган тармакка мамлекеттик бюджеттен олчойгон каражаттар бөлүнүп, анын көлөмү жыл сайын токтоосуз көтөрүлүп жатканына карабастан, Кыргызстанда билим берүүнүн сапаты начар абалда калып жатканын эл аралык эксперттер билдирген. “Дүйнөнүн 65 өлкөсү билим берүүнүн сапаты боюнча иликтене келгенде Кыргызстан эң акыркы орунда калды. Илим изилдөөнүн активдүүлүк индекси боюнча биздин өлкө 190 мамлекеттин ичинен 131- орунда турат. Кыргызстандын ЖОЖдору эң алдыңкы деген 1000 университеттин катарына кирбей калды. Алдыңкы 500 университеттин ичине киргени бар, бирок алар абдан аз. Ушуга байланыштуу билим берүү жана илимди өнүктүрүү тармагына концептуалдык өзгөрүүлөрдү киргизүү зарыл болуу да”, — деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев. Бүгүнкү күндө университетти бүткөн жаштар рынок экономикасынан өз ордун таба албай, дипломдуулардын 33 па йызы жумушсуз калып жатышат.

Республикада жаш муунду тарбиялоо го көңүл бөлүү дээрлик начар абалда. Иликтөөлөр көрсөткөндөй, жаштардын 8 пайызында гана мекенчилдик сезимдер калыптанган. «Балдарды Ата мекенди сүйүүгө, улуттук баалуулуктарды баалоого, өлкөнүн жаратылыш байлыктарына сарамжалдуу мамиле кылу-уга, толерантуулукка тарбиялоо биздин эң башкы милдетибиз. Балдарыбызга келечекте үчтөн кем эмес тилди — кыргыз, орус жана англис тилдерин үйрөтүүнү колго алышыбыз керек”, -деди Өкмөт башчы.

2018-жылдын аягына чейин Кыргызстандын мектептерин интернетке кошууну 100 па йызга аткаруу «Биримдик, ишеним жана жаратмандык» программасында камтылган. Инновациялык  30  мектепти ишке киргизүү приоритеттүү деп саналууда. Билим берүүнүн сапатына келгенде шаарлар менен айылдардын ортосундагы айырмачылык болбошу керек эле. Заңгыраган жаңы мектептерди куруп, заманбап технологияларды киргизгенибиз менен окуучулар бир барак жат жазуудан 20дан ашык ката кетирип жатса, билим берүү саясатынын туура жүргүзүлбөгөнүн көрсөтүп жаткан  жокпу?…  Учурда  мугалимдердин өздөрүнүн сабак өтүү деңгээлин көтөрүү зарыл болуп турат.

Учурда республика аймактарында бала бакчага болгон муктаждык абдан жогору. Өлкөдө 2 жаштан 7 жашка чейинки 555 миң бала бар. Бала бакча менен толук камсыздоо үчүн 600гө жакын бала бакча жетишпейт. Ошого карабастан, 73 бала бакчанын имаратын мамлекеттик органдар ээлеп алышкан. Союз мезгилинде курулган имараттарды бөбөктөрдөн тартып алышып, кеңселерге айлантып алышкан. Ошол имараттарда жеке менчик окуу жайлары, прокуратура, шаардык, райондук соттор, турак жай коммуналдык ишканалар, салык, чек ара кызматтары ж.б. мекемелер ээлеп отурушат. 73 бала бакчаны балдарга бошотуп берип, мамлекеттик органдарга совет учурунда курулуп, учурда натыйжалуу иштебей калган завод-фабрикалардын бош турган кеңселерине көчүрүү керек. «Прихватташтыруу» учурунда ошол бала бакчалар болбогон акчага жеке менчикке чыгарылып кеткендигин Абылгазиев баса белгиледи.