Айнур Абдылдаева Кыргыз Республикасынын юстиция министри кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыктын негизинде «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 24-беренесинин З-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция министри Абдылдаева Айнур Нуралиевна ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.