Өспүрүмдөр арасындагы кылмышты болтурбоонун жолу барбы?

Өспүрүмдөрдүн арасында кылмыштардын санын кыскартуу үчүн балдарды көчөгө калтырбоо, аларга жеке өнүгүү шарттарын түзүп берүү керек. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ювеналдык юстиция боюнча ведомстволор аралык координациялык кеңештин жыйынында айтты.

Жыйында белгиленгендей, жашы жете электердин арасындагы кылмыштуулукка өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал, ошондой эле адеп-ахлактык факторлор да таа сир берет. Өлкөдөгү миграциялык про-цесстер жашы жете элек балдардын туугандарынын камкордугунда калышына алып келди, алардын көпчүлүгү улгайган куракта жана иш менен алек болгондуктан жашы жете электерге тийиштүү көзөмөл кыла алышпайт.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова белгилегендей, кылмыштарды алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн иштерге карабастан жашы жете электер арасындагы кылмыштуулуктун статистикасы эки эсе өскөн.

-Бул алдын алуу чараларын жүргүзүүдө кемчиликтер бар экенин айтып турат. Республикада социалдык реабилитациялоонун комплекстүү тутуму жана жашоо шарты оор жана көчө балдарын тарбиялоо тажрыйбасы жетиштүү өнүккөн эмес. Биз турмуш шарты оор жана бейбаш өспүрүмдөргө психологиялык жардам көрсөтүү боюнча күндүзгү борборлорду түзүү маселесин, ошондой эле алардын үй-бүлөлөрүн колдоо программаларын иштеп чыгуубуз керек. Спорт, музыка жана бий менен алектенүүгө шарттарды түзүү аркылуу балдарды көчөдөн алып чыгуу керек. Балдар бош убактысын өздөрүнүн жеке өнүгүүсү үчүн пайдалуу өткөрүүлөрү кажет, – деди Алтынай Өмүрбекова.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча вице-премьер-министр  ата-эненин  көзөмөлүн күчөтүү  жана  жашы  жете  электерде  турмуштук баалуулуктар менен артыкчылыктарды калыптандыруу үчүн аларды ыктыярчылык кыймылдарына тартуу жөнүндө калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү активдештирүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Укук коргоо органдарынан белгилешкендей, жашы жете электердин кылмыштарынын өсүүсүнүн себеби – ата-энелердин ажырашуусу, үй-бүлө институтунун деградацияга учуроосу.

Маалымат:

2018-жылдын 6 айында жашы жете электер тарабынан жасалган 955 кылмыштын 255ин мектеп окуучулары жасашкан. Өткөн жылдын ушул мезгилинде бул кылмыш көрсөткүчү 461 болгон.

Бул мезгилде жашы жете электерге карата сексуалдык мүнөздөгү кылмыштар 61ден 70ге чейин өскөн. Алты айда республика боюнча 40 өспүрүм өз өмүрүнө кол салган.

А.ЭСЕНОВ