Качкан, камалган чиновниктер – коррупция менен күрөштүн күзгүсү

Шабдан АБЫЛГАЗЫ уулу, “Кыргыз Туусу”


Коррупция эшигибизден кирип, тешигибизден чыгып калган учурда, коомчулук аны менен күрөштүн жүрүүсүнө абдан “суусады”. Калыстык үчүн айта кетели, бул күрөш буга чейин деле жүрүп келген, бирок бүгүнкүдөй масштабда болбогон. Бүгүнкү күндө маалымат булактарын ачып, күн сайын болбосо да күн алыс бирден “лөк” коррупцияга шектелип камалганын окуу көнүмүш адатка айланып калгансыды. Мындай учур качан болду эле? Учурда кармалып жана камалып жаткандардын алды абакта жатса, айрымдары АКШга чейин качканын көрүп, коррупция менен күрөш жүрүүдө дебей эмне дейбиз? Албетте – муну коррупция менен күрөш деп айтууга толук негиз бар. Дал ошол күрөштүн натыйжасында коррупцияга шектелип, кылмыш иши козголгондор кимдер жана алардан канча каражат “кустурулганына” саресеп салып көрөлү.

Жегичтердин “желинине” жол ачкан ЖЭБдеги апаат

Президент  Сооронбай Жээнбеков Президенттикке талапкер кезинде эле коррупцияга каршы күрөш жүргүзө турганын айтып келген. Анда бул сөз катардагы эле үгүт кезинде айтылган убаданын бири катары кабылданып жаткан. Ал аңгыча, орустардын “не было бы счастье, да несчастье помогло” деген сөзүндөгүдөй ушул  жылдын  26-январында  Бишкек ЖЭБинде кырсык орун алып, шаардыктар беш күн жылуулук жок отуруп калды. Башкы прокуратура бул иш боюнча кылмыш ишин козгоп, бир кыйла чиновниктин коррупцияга аралашкандыгы айтылган. Ошонун аркасы менен бүгүнкү күндө бир эмес, эки экс-премьер-министр, экс-мэр жана бир катар чиновниктер болуп жалпысынан ондон ашуун адамга кылмыш иши козголуп, камалышты.

ЖЭБдеги коррупциялык иштерге түз же кыйыр тийиштиги бар деген шек менен Электр станциялар ААКсынын директорунун орун басары Бердибек Боркоев, техникалык директору Алмазбек Жусупбеков, генералдык директору Узак Кыдырбаев, ЖЭБди модернизациялоону башкаруу тобунун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов, Жалал-Абад облусунун мэри, Электр станциялар ААКсынын мурдагы генералдык директору Салайдин Авазов жана аны менен бирге ААКнын мурдагы биринчи орун басары Жолдошбек Назаровду, Улуттук энерго-холдинг компаниясынын мур-дагы жетекчиси Айбек Калиев, экс-премьер-министр Сапар Исаков, Бишкектин экс-мэри Кубанычбек Кулматов, Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев жана дагы бир экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кармалып, камакка алынган.

Кечээ жакында эле кармалгандардын ичинен Осмонбек Артыкбаев жана Жантөрө Сатыбалдиевдин мүлкү камакка алынганы тууралуу маалымат чыкты. Осмонбек Артыкбаевдин жана анын жакындарына таандык 7 авто унаа, 1 турак жай жана жарыяланган тизмеде 4 имарат деп жазылып, бирөө көп кабаттуу батир. Ошондой эле Аламүдүн районундагы жер тилкеси жана Бишкек шаарында дүкөнү бар экени айтылган. Мындан тышкары Артыкбаевге таандык үлүш катары ар кандай ЖЧК, коомдук бирикме, фонд жана ишканалары жетөө экен.

“Атышкысы” келген Албек, АКШга качкан Аскар

Дагы бир экс-мэр Албек Ибраимов кечээ жакында эле камакка алынып, анын да эбегейсиз байлыгы бар экени ачыкталып, бир топтордун Алласын оозунан түшүрүп кое жаздады. Албек Ибраимовдун кылмыш иши ЖЭБге тиешеси жок. А бирок, ЖЭБде кырсык болгондо ал мэрлик кызматты аркалап турган болчу. Бул жагдайларды тергөө органдары аныктап, тийиштүү жыйынтыгын чыгарарына ишенип туралы. Учурда ал абакта.

Албек Ибраимов мэр болуп турганда иштерине коомчулук тарабынан көп эле жолу сын айтылып турган жетекчилердин бири. Ага шаардыктар “отунчу” деген лакап ат ыйгарышканы эле эмнени айтып турат. Анын шаардагы бактарды кыйып, ал эми тиккен көчөттөрүнүн баасы 9000 миң сомдон ашканы үчүн ушундай ылакап атты ыйгарышкан.

Дал ошол Албек Ибраимов өзүнө тагылган айыптарга “саясый куугунтук” деп баа берген жайы бар. Ошондуктанбы же башка себептер барбы ал кармалып жатканда каршылык көрсөттү деген маалыматтар жарыяланды. Албек Ибраимовдун үнүнө окшош адам “20 жыл абакта отургандан көрө атышып өлгөн жакшы” деп жаткан кыска аудио жазуу социалдык тармактарга тарап кетти. Албек Ибраимов чындап эле атышууга даяр болсо, анда анын иши аябай эле оор экен. Дегеним, 20 жылга чейин камала турганын өзү сезип жаткандан кийин “саясый куугунтук” деген жөн эле сөз окшойт деген күмөн ойду жаратып койду.

Албек Ибраимов “атышам” деп өктөм сүйлөгөнү менен бүгүн УКМКнын тергөөчүлөрүнө сурак берип жаткан учуру. Ал эми дагы бир коррупцияга шектелген Аскарбек Шадиев жаткандан да, аткандан да жок качып кутулду. Акыркы жылдардагы практикага тая на турган болсок, өлкөдөн качып чыккандар кайра кайтып келиши күмөн жараткан жагдайлар көп болууда. Дегенибиз 2010-жылы качып кеткен Данияр Үсөновго куюп койгондой окшош адам Белорусь Республикасында Даниил Урицкий деген ат менен жарк этип чыга келди. Ал өзүн Данияр Үсөнов эмес экенин айтса да бул жактагы аялы Динара Исаева таанып калган. Ушундан улам айрымдар “бир канча жылдан кийин АКШда Аскар Шадиевге оп-окшош Оскар Шадингтон деген ишкер чыкса таң калбайлы” деп тамаша кылышууда. Баса, анын да толгон-токой байлыгы камакка алынганын белгилей кетели.

Аскар Шадиевди кармап, жеген болсо баарын кустуруу биздин “эр жүрөк” укук коргоо органдарынын иши. Мындай какшык менен айтып жатканыбыздын себеби, дал ушул укук коргоо органдары Аскар Шадиевди кол алдынан чыгарып жиберишкенин белгилеп коюу керек. ЖМКлар Шадиев АКШга чыгып кетиптир деп коңгуроо кагып чыгышканда укук коргоо органдары өлкөдө экенин ырастап туруп алышкан. Журналисттер оору-канага чалып, ооруканадан таппай калышканда гана укук коргоо органдары “сууну кечип качыптыр” деп кол куушуруп туруп беришкен болчу. Бул үчүн ким жоопкерчилик ала турганы али күнгө чейин белгисиз.

Коррупционерлер “кускан” миллиондор

Ушул жылдын 8-февралында өткөн Коопсуздук кеңешинде Президент Сооронбай Жээнбеков укук коргоо органдарына коррупция менен күрөштү күчөтүү керек экендигин айткан. Андан көп өтпөй Президент атайын эсеп ачууну сунуштап, аны Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев июндун аягында ишке ашырган болчу. Бүгүнкү күндө бул эсепке УКМК, Башкы прокуратура, Финпол ж.б. укук коргоо органдары коррупциядан өндүрүлгөн деп миллиондорду которуп жатат. Баса, бул эсепте канча каражат топтолгонун 31-июль күнү Финансы министрлиги ачыктаган. Ага ылайык, атайын эсепке бүгүнкү күндө 235 млн.сом каражат которулган. Мунун ичинен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматы (Финпол) — 63,3 млн.сом, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) — 111,6 млн. сом, Башкы прокуратура — 59,6 млн. сом, Ички иштер министрлиги (ИИМ) — 533 миң сом которгон.

Бул миллиондор жогоруда айтылган коррупциялык иштерден өндүрүлгөнбү же башкабы азырынча белгисиз. Логика менен алганда бул каражаттардын жогоруда эсептелген кылмыш иштерине тиешеси жок. Себеби, алар боюнча тергөө аяктай элек. Демек, дагы миллион ал тургай миллиарддар бул эсепке түшчүдөй болуп турат.

Коррупция  эшигибизден  кирип,  тешигибизден чыгып калды дедик. Абал ушундай экенин белгилеп, оор үшкүрүндүк. Чынында коррупция менен күрөш жогорудан башталып, чоң кызматта отургандардын бир кыйласы алды-артын карап калды. Президент өзү баш болуп бул илдет менен тикеден туруп күрөшөлү деп жатат. Ошол жагдайдан алганда, Президентти, укук коргоо органдарын карап отура бербей, ар бирибиз бул илдет менен күрөшүүгө бел байлайлы. Пара бербей, өз ишибизге, мыйзамга так болсок эле балдарыбызга коррупция деген илдети жок келечек калтырып кетебиз деген ишеним ар бирибизде болсун.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *