Бишкек шаардык кеңештин депутаттары мэрлике Суракматовду колдоду

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары бүгүн, 8-августта өткөн 18-сессиясында Азиз Суракматовду Бишкектин мэри кызматына шайлашты.

Суракматовго 43 депутат добуш берген, 1 депутат баарына каршы добуш берген.

Белгилей кетсек, анын талапкерлигин Бишкек шаардык кеңешинин көпчүлүк коалициясы көрсөткөн. Аталган кеңешке КСДП, «Өнүгүү-Прогресс», «Мекеним Кыргызстан» жана «Кыргызстан» фракциялары кирет.

Талапкерди көрсөтүү укугуна «Республика-Ата-Журт» оппозициялык фракциясы жана премьер-министр дагы ээ.