Өмүрбек Текебаевдин диагнозу белгилүү болду

Ден соолугуна байланыштуу Улуттук кардиология борборунда текшерүүдөн өтүп жаткан Өмүрбек Текебаевдин диагнозу белгилүү болду. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, ал жүрөк тамырларынын атеросклерозу, күрөө тамырдын, карындын үстүндөгү экстрасистоликалык аритмия, 2-даражадагы кооптуулугу жогору болгон гипертония, богок, эутиреоз оорулары менен жабыркаганы белгилүү болгон.

Учурда ал күзөтчүлөрдүн кайтаруусунда Улуттук кардиология борборунда дарыланууда, ооруканадан качан чыгары азырынча белгисиз.

Буга чейин Өмүрбек Текебаев медициналык кароодон өтүү үчүн Улуттук кардиология борборуна чыгарылганы маалымдалган.

Эскерте кетсек, Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов «Мегакомго» байланыштуу коррупцияга шектелип кылмыш иши козголгон. 2017-жылы 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Текебаев менен Чотоновду ар бирин 8 жылга эркинен ажыраткан. 2-октябрда Бишкек шаардык соту, 21-ноябрда Жогорку Сот райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырган.