Чолпон-Атада IV “Мекендештер-2018” форуму өтүп жатат

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында “Мекен тагдыры — менин тагдырым” ураанынын алдында IV “Мекендештер-2018” форуму башталды.

Форум Чыңгыз Айтматов атындагы “Рух Ордо” маданий борборунда 7-августтан 9-августка чейин өтөт. Анын расмий ачылышына Президент Сооронбай Жээнбеков жана экс-президент Роза Отунбаева катышууда.

Иш чаранын алкагында Жогорку Кеңештин депутаттарынын, министрлердин, эксперттердин жана кыргызстандыктардын чет өлкөлөрдөгү бизнес-коомчулуктарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда бир катар пленардык отурумдар пландалган.

Толуктай кетсек, “Мекендештер форуму” – чет өлкөдө жашаган мекендештердин, бирикмелердин жана кыргызстандыктардын диаспораларынын конструктивдүү диалогу үчүн заманбап аянтча. Ал 2012-жылдан бери эл аралык кызматташтык боюнча швейцариялык бюронун грантынын алкагында Кыргызстандагы эл аралык миграция уюмунун колдоосу менен “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду тарабынан 2 жылда бир өткөрүлүп келет.