Раиса ТЕЗЕКБАЕВА, мугалим: «Келечек гүлдөсүн десең, балдардын жандүйнөсүнө руханий үрөн сеп»

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”

2018-жылдын 13-20-июль күндөрү “Ысык-Көл досторун чакырат” аттуу эл аралык этно-карнавал өтүп, анда Кара-Көл шаардык балдар чыгармачылык үйүнүн драмалык ийриминин катышуучусу Сезим Жанызакова Ч.Айтматовдун “Саманчынын жолу” жана “Бетме-бет” повесттеринен үзүндүнү көркөм окуп 1-орунду, Бактыгүл Салдатова “Ак кеме” повестинен көркөм окуп баалуу сыйлыкка ээ болду. Бул эмгеги үчүн аталган ийримдин көркөм жетекчиси, № 4 Шопоков атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими, балдар драматургу Раиса Тезекбаева иш-чаранын уюштуруучуларынын купулуна толуп, КР Билим берүү министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланды. Бүгүн биз элетте туруп жаш муундардын руханий-эстетикалык көрөңгөсүн өстүрүүгө жан үрөп иштеп, адабий-драмалык ийрим уюштуруп, буга чейин окуучулар менен бир канча спектакль коюп, бир жагынан жаш муундардын талант-шыгын ойготсо, бир жагынан балдар аркылуу коомдогу көйгөйлүү маселелерди сахнада чагылдырып келген, бирок кылган иши менен эч качан мактанбаган элеттик эжей менен маектешкенбиз.

Ааламга жол – айылдан башталат…

2000-жылы Курманбек баатырдын 500 жылдыгына карата 15 мүнөттүк сценка аткартуу тапшырмасы берилди. К.Жантөшевдин “Курманбек” драмасынын идеясын сактап, сөздөрүнөн кыскартып иштеп чыгып, сахнага койдук. 9 командадан биринчиликти алып, 31-августта Кара-Көл шаарынын стадионунда элге тартуу кылдык. № 4 Шопоков атындагы орто мектебинин мугалимдери Ш.Култаев, К.Абдылдаев, Н.Жолоева,  А.Мейманбекова  жана  8-10-класстын окуучулары аткарган бул драма менен чыгармачылыкка болгон кызыгуумду арттырды.

Ошондо Гүлайдын ролун ойногон 11-класстын окуучусу Нургул Мамытова бүгүнкү күндө Чүй облусттук театрында эмгектенет. Бакен Кыдыкеева атындагы сыйлыкка татыктуу болгонун телевизордон көрүп, толкундангам. “Азыркы окуучуларым дагы ушундай ийгиликтерди жаратса экен”, – деп тилейм. 1985-жылдан 1990-жылга чейин Токтогул районундагы Чкалов атындагы орто мектепте, 1990-жылдан ушул кезге чейин, Кара-Көл шаарындагы № 4 Шопоков атындагы орто мектепте кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп эмгектенем.

Облустук башкармалыктын, Билим берүү министрлигинин Ардак грамоталарын, “Билим берүүнүн отличниги”, “Кыргыз Республикасынын профсоюз кыймылынын отличниги” төш белгилерин алышым – бул менин эмгегимдин үзүрү деп ойлойм.

“Бүгүн улуу, эртең кичүү Алыкул”

2015-жылдын февраль айынан тартып, шаар-дык балдар чыгармачылык үйүнө драмалык ийримдин жетекчиси болушум, бир жагынан түйшүгүмдү көбөйтсө, экинчи жагынан жан дүйнөмдүн тазаланышына түрткү болду. Окуучуларымды сахнадан, элдин алдынан көргөндө: “Жаңылып калышпаса экен”, — деп тынчсыздансам, элдин ыраазы болуп кол чапканын көргөндө, алардын таланттарынын бааланып жатканын чын дилим менен туюп, кубанычтан жүрөк балкып, бактылуулукту сезем.

2015-жылы 9-майда Жеңиштин 70 жылдыгына карата аянттагы парадда “Жеңиш келди” аттуу сценканы даярдап өткөрдүк, Д.Шопоковдун 100 жылдыгына карата даярдалган слетто “Керимбүбүнүн анты” деген сценканы коюп, Дүйшөнкулдун эрдиги, түбөлүк жашай турганы тууралуу ырларды көркөм окутуп, шаардыктардын гана эмес Шалта айылынан келген эжекелерибиздин да алкышына татыдык. Жеңиштин оңой жерден келбегенин, аны тартуулагандардын эрдиктерин сыйлоону жаш муундарга түшүндүрүү максатында жазылган “Кызгалдактуу талаа” чакан пьесам мектеп сахнасына коюлуп, шаардык ооганчылар уюму тарабынан “Жаш муундарга патриоттук духта тарбия бергендиги үчүн” медалын алууга жетиштим. Бул окуучуларымдын көркөм ойлоосун өстүрүп, шаардан сырткары жактагы сынактарга катыштырууга түрткү болду. Балдар үчүн жазылган драмалык чыгармалар аз. Болсо дагы бизге жетиши кыйын. Бул көйгөйдөн арылуу үчүн өзүмдүн Кудай берген, ата-энемен өткөн көрөңгөнү көбүртүүгө аракеттендим. “Кызгалдактуу талаа” атамдын согушта жүргөндөгү окуяларынын, анын айылына кеч кайткандыгынын негизинде жазылды.

2015-жылы Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгына карата “Бүгүн улуу, эртең кичүү – Алыкул” аттуу кече өткөрдүм. Бул кечеде Алыкулдун ырлары көркөм окулуп, өмүрү жөнүндө эскерүүлөр, тамсилдери сахналаштырылып, обон жазылган ырлары аткарылды. Шаардык мэриянын “Мыкты ийрим жетекчи” номинация боюнча Ардак грамотасын алдым.

Жаңы жылдык “Балаты” майрамын, 1-июнь Балдарды коргоо күнүн балдар чыгармачылык үйүнүн катышуучулары шаардагы жетим жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга кубаныч тартуулоонун майрамы катары кабыл алышат. Жыл сайын декабрь жана май айларында жомок каармандарынын күлкү тартуулоочу каармандарынын ролдорун аткарууга даярданышат. Айрым каармандарга окуучулар туура келбей калса, өзүм ойноп койгон күндөрүм да болот.

Сыймык – “Мыкты режиссер-коюучу”

2016-жылы  республикалык  окуучулардын “Театр фестивалына” “Алтын тамга” аттуу пьесамды койдук. “Алтын тамга” жаш жеткинчектердин чөйрөнүн таасиринен өз жандарын кыюуга чейин барып жаткандыктары тууралуу ачуу чындыктан арылтуу максатында жазылды. Классымдагы окуучуларыма тарбия берсем деген максатым ашыгы менен аткарылып, драмалык ийримдин катышуучулары тарабынан аткарылган бул пьеса 2016-жылы “Театр фестивалында” шаардан биринчи болуп, Жалал-Абад облустук Барпы театрынын сахнасында коюлуп, мага “Мыкты режиссер-коюучу” деген грамота алып берди. “Алтын тамганы” көргөндөн кийин “Мени өлүмдөн алып калдыңыз, сизге чоң рахмат” – деген аты жазылбаган окуучунун катын окуп, өзүмдүн аз болсо да балдардын жашоого болгон көз карашына таасир бергениме ыраазы болдум.

2017-жылы Мидин Алыбаевдин 100 жылдыгына карата: “Кыргыз үчүн арнаган дилин, тилин, Бир кылымдык жашка толду акын Мидин” аттуу кече даярдап, акындын “Жантектин керээзи” чыгармасы менен бир катар өзүнүн сатиралык мүнөздөгү жүрүш-турушу жөнүндөгү окуяларын сахналаштырып, көпчүлүккө күлкү тартууладык. “Китеп жана Эркинбек” аттуу ырын ролдоштуруп, шаардык китепкананын ачылышында коюп, Жалал-Абад облустук китепканасы тарабынан Ардак грамота алууга татыктуу болдук. Бул сыйлык окуучуларыма зор шыктануу алып келди жана китепкана менен тыгыз байланышууларына өбөлгө түздү.

Жүрөктөрдө сиз барсыз, Чыңгыз агай!

Декабрь айында “Жүрөктөрдө сиз барсыз” – деп аталган кече Ч.Айтматовдун туулган күнүнө карата өткөрүлдү. Улуу жазуучунун өмүрү жөнүндөгү сценкалар, чыгармаларынан үзүндүлөр жана ырлар аткарылды. БЧҮнүн “Келечек” комузчулар ансамбли коштоп турду. 2018-жылы балдар залкар жазуучунун 90 жылдыгына карата аркандай иш-чараларга активдүү катышууда.

Жалал-Абад облустук ЖМТРК телеканалы уюштурган район-шаарлар аралык өткөргөн“Айтматов ааламы аймактарда” аттуу телесынакка “Эрте келген турналар” чыгармасын сахналаштырып, шаардын маданият үйүндө аткарып беришти. Жыйынтыгы декабрь айында чыгарылат. ценарийин балдарга ылайыктап жаздым. Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата күз айларында да иш-чаралар улантылат.

Боор билет, жүрөк сезет

Драмалык ийримди жетектөө менен окуучулардын жаш өзгөчөлүктөрүнө ылайыктуу чыгармаларды сахналаштыруу милдети менин мойнумда болгондуктан, “Турмуш сабактары”, “Ичкилик арты-өкүнүч”, “О менен Өнүн айырмасы жокпу?”, “Байбичелер жыйыны” өңдүү шаардагы, жалпы эле элибиздеги көйгөйлүү маселелерге кайрылып, балдарга таалим-тарбия берүү максатында ча-кан сценкаларды жазып, аткартып жүрөм. Үстүбүздөгү жылдын 24-27-апрелинде Бишкек шаарын-дагы Чыгыш университетинде өткөн “Эл акыны-Эсенгул” деп аталган республикалык сынакка акындын “Иш сураган коён” тамсилин коюп, үчүнчү орунду алдык. Жыйынтыгында карышкырдын ролун аткарган Зайырбеков Канат Чыгыш университетинин студенти болууга аракеттенип жатат.

Кыргыз адабиятында балдар акындары көп эле. Балдар драматургдары да көбөйсө, таланттуу окуучулардын шык-жөндөмдөрүнүн өсүшүнө жакшы таасир калтырар эле деген ойдомун. Өзүмдү драматург катары көрө албайм, бирок кызыгуум бар. Кудай берген талантымды балдардын жакшылыгы үчүн жумшасам, анда менин сүйгөн мугалимдик кесибимдин бир өңүрүн жакшы жолго койгон болор элем. “Боор билет, жүрөк сезет” аттуу чыгармамда бир туугандардын эки жакта бирин-бири тааныбай өсүп, жолукканда бир туугандык сезимди сүйүү деп түшүнгөн кыз-жигит туураалуу баяндалат. Бул көйгөй азыркы учурда мектеп мугалимдеринин түйшүгүн түптөп турат. Келечекте кыргыз элинин укум-тукумуна доо кетире турган көйгөй болуп эсептелет. Айрыкча ата-эне, мугалим, коомчулук биргелешсе, элибиздин келечегин мындай көйгөйлөрдөн арылтып, аруу-таза тилектүү, ак ниеттүү, ар тараптан өнүккөн жаштарды тарбиялап чыгара алат элек. Бул маселени чечүүдө маданият кызматкерлеринин ролу зор.