Топурактын булганышы, кесепеттери… кислоталыкжаан…

Кыргызстанда айыл чарбага колдонулуучу жердин аянты 10547,2 миң гектар, анын 5 пайызы иштетилген жерлер. Акыркы 20 жылда калктын санынын өсүшү, айыл чарба жерлеринин жаңы конуштарга бөлүнүп берилишинин натыйжасында ар бир кишиге туура келүүчү аянт 0,43 гектардан 0,30 гектарга азайган жана ушул бойдон жүрүп отурса 2030-жылга сугат жерлер 0,18 гектардан 0,1 гектарга кыскарат деген божомол бар.

Кыймылдагандын баары кыртышка түшөт

Химикаттар менен булгануунун натыйжасында кыртыштын түзүлүшү өзгөрүп, ал кыртыштын деградациясына, эрозияга, туздуу болушуна, гумустун жоголушуна, саздардын пайда болушуна алып келип жатат. Ал эми токой тилкелеринин азайышы, жайыттарды көп жыл пайдалануу, жардыруу ж.б. жумуштар кыртышты бузуп, ошонун негизинде сел, жер көчкү, кар көчкү сыяктуу жагымсыз окуяларга алып келди.

Кыртышка түшкөн химиялык заттар топтоло берип, акырындык менен кыртыштын, топурактын химиялык жана физикалык касиеттерин өзгөртүп, топурактагы тирүү организмдердин санын азайтып, түшүмдүүлүгүн начарлатат.

Кыртышты булгоочу заттарга оор металлдар, радиоактивдүү заттар, жер семирткичтер, пестициддер, ар түрдүү өнөр жайлардан, үй тиричиликтен, курулуш, оорукана, ашкана, тамак-аш өнөр жайларынан чыккан калдыктар малдын, адамдын кыктары ж.б. кирет.

Топуракка кык менен кошо ар түрдүү оору козгоочу ич келте, дизентерия, туберкулез, полиомиелит, столбняк, газ гангренасы, сибирь жарасы, ботулизм микробдору түшөт. Бул микробдордун жашоолорунун узактыгы ар түрдүү. Мисалы аскарида гельминти Россия кыртышында 7-8 жыл жашаса, Борбордук Азия кыртышында 15 жылга чейин, Власоглав гельминти 1 жылдан 3 жылга, столбняк микробу 121 жылга чейин жашай алышат. Ошондуктан, өсүмдүктөрдүн мөмөлөрүн жегенде сөзсүз өздүк гигиенаны өтө тыкыр сакташ керек.

Өнөр жайлардан чыккан калдыктарда ар түрдүү ууландыруучу заттар болот. Мисалы, түстүү металлдарды өндүрүүдө кыртышка оор металлдар: сымап, коргошун, кадмий, жез, хром ж.б., машина куруучу өнөр жайлардан мышьяктын, бериллийдин бирикмелери, цианиддер, пластмасса, синтетикалык ткандарды өндүргөндө бензол, фенолдун калдыктары, кагаз өндүрүүдө фенол, метанол, скипидар кыртышка түшөт.

Кыйратуучу химиялык заттар

Жогорку айтылгандардан башка дагы кыртыш хлорорганикалык, фосфорорганикалык (ПАВ-поверхностно-активные вещества), пластмассалар, нефть, кислоталык жаан жана жылуу агын (сточные) суулар менен булганат. Хлорорганикалык заттар көбүнчө пестициддердин курамында жана кагаз, кездемелерди агартууда колдонулат. 1972 жылга чейин курт-кумурскаларды өлтүрүү үчүн колдонулган ДДТ- инсектициди туруктуу болгондуктан ушул убакка чейин биосферада кездешет, ал тургай бул затты (ДДТ) Антарктидадагы пингвиндердин майынан да табышкан. Туруктуу жана зыяндуу болгондуктан 1972- жылдан баштап бул зат өндүрүлбөй калган.

Дегеле полихлорполициклдик (ПХПС) бирикмелер аз концентрацияда болсо деле иммунитетти төмөндөтүп, көбүрөөк болсо кан-церогендик (рак оорусун пайда кылуучу) касиетке ээ болот.

Чектүү концентрациялары 0,03-0,1мг/кг

Пестициддерди, ядохимикаттарды колдонбой коюуга да болбойт, анткени колдонбосо токой, талаа түстөрдө өсүмдүктөр, жаныбарлар, адамдарга зыян келтирүүчү курт-кумурскалар, безгек, энцефалит ж.б. ооруларга дуушар кылуучу чиркей, кенелер өлбөй, көбөйүп түрдүү ооруларга дуушар кылат. Ошондуктан, химикаттарды чектүү (ПДК) концентрациядан ашырбай, эсептеп, колдонуш керек.

Фосфорорганикалык заттар да пестициддердин курамында бо-лот, булардын туруктуулугу аз болгон менен жогоркуларга караганда уулуулугу көп. Мисалы, тетраэтилпирофосфаттын бир эле тамчысы териге тийсе өлүмгө алып келет. Фосфорорганикалык заттар менен ууланганда, адегенде тарамыш түйүлүп, бут-кол кыймылдабай шал болуп, анан өлүмгө дуушар болот. Хлор жана фосфорорганикалык заттар топурактан атмосферага, атмосферадан сууга, кайра топуракка өтүп жүрө берет. Мисалы, карбофос сууда ээрибесе да (145 мг/л) сууга түшсө балыктар өлөт, себеби балыктар үчүн норма 0,1мг/л жетиштүү.

Полимерлер таштанды катары сууга, жерге ташталат (банкалар, бутылкалар, пакеттер ж.б.). Булар тез бузулбайт, бирок айлана чөйрөнү булгап жата берет. Аларды жыйнаганда эч качан өрттөбөш керек, себеби өрттөгөндө алардан диоксин бөлүнүп ууландырат. Ошондуктан, аларды кайра иштетүү зарыл.

Кир жуучу заттардын курамында полифосфаттар, натрийдин три-полифосфаттары болот. Анча зыяндуу эмес болушса да, кир жууганда ыш, чаң, тамак-аш калдыктары, адамдан чыккан продуктыларды өзүлөрү менен байланыштырышып суунун, кыртыштын экосистемаларына зыян келтиришет. Кадимки шартта жаандын суусунун рН- чөйрөсү 5,6 — 5,7 болуш керек, ал эми “кислоталык жаандын” рН<5,6 дан кичине. рН-канчалык 5,5тен кичине болсо, “кислоталык жаан-дын” кычкылдуулугу ошончо жогору болот.

Кислота жааны

“Кислоталык жаан” жалбыракка түшкөндө аларды күйгүзүп, темгил-темгил кылып кууратып, жашыл талаа, өзөн, токойлор куураган өрөөнгө айланып калат.

“Кислоталык жаан” атмосферага азоттун, күкүрттүн оксиддери (NO2, SO2) чыкканда пайда болот. Ал эми оксиддер көмүрдү, отун-дарды жакканда, сульфид кендеринен металлдарды өндүрүүдө, транспорттон чыккан газдар да, таштандыларды, резинаны күйгүзгөндө пайда болот. Абада ар кандай кубулуштардан SO3 пайда болуп, суу менен күчтүү кислоталар НNO3 жана Н2SO4 алынат.

“Кислоталык жаан” топурактын кычкылдуулугун көбөйтүп, андан өсүмдүктөргө өтөт да, алардын мөмөлөрүндө, жашылчаларда кычкыл чөйрөнү пайда кылат. Ошентип, тамак-аштын кычкылдуулугу (уксус кислотасын кошкондой) көбөйүп, бул болсо организмге терс таасир тийгизет, ички органдарды бузат.

Дөңгөлөктөрдү өрттөбөгүлө

Адамдар эски дөңгөлөктөрдү жагып мончо, сауна иштеткенде эң көп SO2 бөлүнөт, анткени резинаны жамаганда (вулкани-зация) күкүрттүн эритмеси колдонулат, анан күйгүзгөндө күкүрттүн оксиддери пайда болот. Абадагы суу менен алар Н2SO3, Н2SO4 тү пайда кылат. “Кислоталык жаан” жалаң эле топурактын кычкылдуулугун көбөйтпөстөн металлдан жасалган онструкцияларга, мрамор, аки-таш ташынан жасалган эстеликтерге, курулушка ж.б. таасир этет. Мисалы, 24 кылым бою эч бузулбай турган байыркы мрамордон жасалган скульптуралар, эстеликтер акыркы 24 жылда талкаланып, бузулуп жатканы белгилүү.

Ызы-чуу чарчатат

Айлана-чөйрө ызы-чуудан да булганат. Эгерде адам өтө ызы-чуулуу шартта иштесе тез чарчап, кулагы тунуп калат. Бара-бара мындай ызы-чууга көнгөнсүгөн менен кулагынын угуусу начарлап, акырында дүлөй болуп калат. Өтө терс таасир тийгизүүчү ызы-чуунун жыштыгы 3000-5000Гц (герц) болот.

Ызы-чуунун интенсивдүүлүгү 140-145дБ (децибелл) болгондо адамдын мурдунун жана тамагынын эттери титирөөгө (вибрация) өтүп кийин ал титирөө баштын сөөгүнө жана тишке өтөт. Ызы-чуунун интенсивдүүлүгү 160дБ-ден өткөндө кулактын бара-баны үзүлүп, дүлөй болуп калат, ошондой эле борбордук нерв систе-масы, жүрөктүн иштешине жана башка органдарга таасирин тийгизет.

Азыркы учурда колдонулуп жүргөн үндүн ылдамдыгынан (сверх-звуковые) ашкан самолеттордо, тик учмаларда, дегеле ызы-чуулуу өнөр жайларда, ресторан, кафелерде иштеген адамдар эле жабыр-кабастан, аларга жакын жайланышкан имараттарда, эстеликтерде жаракалар кетип, өскөн өсүмдүктөрдүн тамырлары бошоп калат деп табышкан илимпоздор.

Айлана-чөйрөнү абайлагыла

Биз макалаларыбызда өтө орчундуу эле себептерди келтирдик, ар бир адам жаратылышка жоопкерчиликсиз мамиле жасоодон мурун айлана-чөйрөнү, башка адамдарды, келечекти да ойлоп, мүмкүн болушунча, таза, маданияттуу, жоопкерчиликтүү мамиле жасаш керек. Экологиялык коркунуч башка жактан келбестен ар бир адамдан, сизден жана бизден пайда болот. Ошондуктан, айлана-чөйрөнү булгабоону, жаратылышты көздүн карегиндей сактоону кичинекей

баладан кары адамдарга чейин билүү керек, коомдо болсо Улуттук жана эл аралык жаратылышты сактоо мыйзамдары кабыл алынып, алар кынтыксыз, сөзсүз аткарылышы керек, себеби экологиялык ка-тастрофаларды алдын алуу арзаныраак болот, катастрофадан кийин айлана- чөйрөнү калыбына келтириш өтө көп кыйынчылыктарды туудурат жана калыбына деле келбейт.

Сайнаке БООБЕКОВА, КР нын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, Ж.Баласагын атындагы КУУнун профессору,

Астра ДҮЙШӨНБАЕВА, КУУнун органикалык эмес химия жана химиялык технология кафедрасынын башчысы, доцент

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *