Кыргыз-Өзбек чек арасында дагы эки тилке такталды

Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттөрү чек арада дагы эки тилкени тактоо иштерин аяктады. Бул тууралуу маалымат Өзбекстандын тышкы иштер министрлигинин расмий сайтына чыкты.

Маалыматка ылайык, 1-7-август күндөрү Фергана шаарында чек араны тактоо боюнча жумушчу топтордун жолугушуу өткөн. Анын натыйжасында Фергана жана Баткен облустарынын ортосунда Шахимардан жана Газнов тилкелериндеги чектеш жерлер аныкталган.

Белгилей кетсек, 2017-жылы эки өлкө ортосундагы 1378 чакырым чектеш аймактын 1170 чакырымы такталган. Былтыр жыл аягына чейин калган жерлер аныкталып бүтөрү айтылган, бирок делимитация жана демаркация иштери уланууда.