Менингиттен сак болгула!

Бишкек шаарында 2018-жылдын 5 айында менингит менен ооруп калуунун 8 учуру катталды, анын ичинен 14 жашка чейинки балдар арасында – 5. Былтыркы жылдын ушул убагында 18 учур катталып салыштырмалуу быйылкы жылы оорунун көрсөткүчү 2 эсеге төмөндөгөн.

Оорунун мезгили болуп кыш, жаз айлары эсептелет жана ар бир 8-10 жылда кайталанып турат. Бишкек шаарында акыркы жогорку көрсөткүч 2014-жылы кездешип, 205 учур катталган. Менингит – бул мээнин катмарынын жабырланышы. Оорунун козгогуч микробу бул бактерия жана вирус. Менингиттин козгогучу айлана чөйрөгө туруксуз келет, ачык аба жана төмөнкү температурада бат эле активдүүлүгүн жоготот. Бул оору аба аркылуу (чүчкүргөндө, сүйлөшкөндө, жакын турганда) жугат. Тар бөлмөдө бир нече кишинин болушу оорунун тарашына ыңгайлуу шарт түзөт. Оорунун булагы бейтап жана бактерияны алып жүрүүчү кишилер болуп эсептелет. Эл арасында бактерияны алып жүрүүчүлөр өзгөчө коркунуч туудурат. Себеби алар өздөрү оорушпайт, бирок тегерек четиндегилерге бактерияны таратат. Менингит менен бардык курактагы адамдар оорушат, бирок анын ичинен жаш балдар көбүрөөк тушугат.

Менингиттин белгилери: оору капыстан башталат, бала кыжаалат болуп ыйлайт, алсырап, дене табы көтөрүлөт, жүрөк айланып, бир нече жолу кусат. Башка оорулардан айырмаланып, кусуу жеңилдегенге алып келбейт. Менингитке мүнөздүү болгон белги – оорулуу адам-дын кежигеси тартып, буттарын ичине бүгүп, капталына жатып тырышат. Эгерде үйдө бирөөдө жогорудагы белгилер байкалса, тезинен тез жардам чакырып, Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына жеткирүү керек. Жакын байланышта болгон үй-бүлө мүчөлөрү, же бала бакчада, мектепте, жогорку окуу жайында, ишканаларга барып жүргөн же иштеген болсо анда контактта болгондорго жергиликтүү үй-бүлөлүк ме-дициналык  борбордун  дарыгерлери тарабынан 10 күн медициналык бай-коо жүргузүлөт, күн сайын дене табы өлчөнүп, терисинде так бар жок экени каралып, жалпы сурамжылоо жүргүзүлөт. Ошондой  эле  аларга  жаш  курагы-на жараша бир жолу антибиотик ичүү сунушталат.

Ал эми оорунун очогунда дезинфекциялык каражаттарды колдонуу менен нымдуу жууп талалоо жана бөлмөнү тез-тезден желдетип туруу зарыл. Менингиттен кантип сактануу керек?

– Эл чогулган жерлерге сейрек болуу жана бөлмөлөрдү тез-тез желдетүү;

– иммунитетти көтөрүү (С витамин-дерине бай болгон тамак-аштарды, мөмө жана жер жемиштерди керектөө);

– сергек жашоо (бассейнге баруу, спорт менен машыгуу, таза абада эс алуу).

Жазгүл УБАЙДИЛЛА кызы, Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун дарыгер эпидемиологу

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *