Эл аралык алтаистикалык конференция

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы 26-августтан 31-августка чейин Кыргызстанда 61-Эл аралык алтаистикалык конференция (Permanent International Altaistic Conference – PIAC) өтөт.

PIAC – дүйнөдөгү алтаист-окумуштууларынын башын бириктирген салттуу илимий аянтча. Чыгыштаануучулардын Мюнхенде өткөн Эл аралык конгрессинде 1957-жылы 4-сентябрда түзүлгөн. Демилгечи АКШнын Индиан университетинин профессору Денис Сайнер көптөгөн жылдар бою долбоордун куратору болгон. Ал кайтыш болгон соң PIACтын башкы катчысы болуп Берлин университетинин Түркология институтунун директору Барбара Кельнер-Хайнкеле шайланган, ал бүгүнкү күнгө чейин долбоорду жетектейт. Барбара Кельнер-Хейнкележана тең төрага, профессор Акош Апотоцки мекеменин 2018-жылкыфорумунжетектөөнү И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин профессо-ру, тарых илимдеринин док-тору Сынара Алымкуловага өткөргөн.

Ар жылы өтчү конференцияда адистердин алтай цивилизациясындагы элдердин маданиятын, тилдерин, му-расын изилдөө чөйрөсүндөгү илимий  изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы  талкууланат. Бул  жолу  конференцияга катышкан окумуштуулар III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы иш-чараларга катышышат. Ата мекендик окумуштууларга дүйнөлүк кесиптештери менен жакындан таанышууга жана чет элдик изилдөөчүлөрдүн  баяндамаларын  угууга кеңири мүмкүнчүлүк түзүлөт. Конференцияны уюштуруучулардын дарегине 171 баяндама түшкөн, анын 89у чет өлкөлүктөрдүкү жана 82си ата мекендик окумуштуулардыкы. Атайын түзүлгөн комиссия конференциянын талаптарына ылайык баяндамаларды тандап, конференцияга алып чыгышат.

Венгрияда өткөн 60-конференциянын жыйынтыгы менен PIACтын 61-отурумун Кыргызстанда өткөрүү чечилген. Конференцияларга Венгриядан, Герма-ниядан, Кытайдан, Кореядан, Кыргызстандан, Монголиядан, Польшадан, Россиядан, Румынядан, Словакиядан, АКШдан, Түркиядан, Франциядан, Япони-ядан 40тан ашуун окумуштуулар активдүү катышып жатат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *