Евразия чемпиону Улан Эралиевди зордуктоого аракет кылды деп айыпташууда

Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Бишкекте 19 жаштагы кыз зордуктоого аракет кылган адамдан качам деп мейманкананын терезесинен секирген.

Окуя 3-август күнү шаардагы мейманканалардын биринде болгон. Жабырлануучунун жазган арызында У.Э. аттуу адам менен кафелердин биринде таанышып, андан кийин мейманканага барышкан. Мейманканадан тиги адам зордуктоого аракет кылганда терезеден секирип жибергенин жазган.

Окуя белгилүү болгондон кийин айрым маалымат каражаттары кызды зордуктоого аракет кылган панкратион боюнча Евразиянын 2 жолку чемпиону Улан Эралиев экенин жазышууда. Ал спорт чебери наамын алган.

Ал эми кыздын омурткасы сынып, №4-ооруканада абалыоор экенин Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашууда. Учурда кызга биринчи  операция жасалып, экинчи этаптагы операция жасалуусу күтүлүүдө.