Шахмат дүйнөсүнө саякат

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, “Кыргыз Туусу”


Жакында Улуттук “Кабар” агенттигинде кыргыз журтчулугуна белгилүү журналист Болотбек Жумабаевдин көп жылдардан бери топтогон эмгегинин натыйжасында жаралган “Шахмат залкарлары” аттуу китебинин бет ачары болуп өттү. Китеп 1000 нускада жарык көрүп, анда автордун атагы таш жарган дүйнөлүк деңгээлдеги шахмат залкарлары менен маектери жана жолугушуулары камтылган. Ошондой эле дүйнөнүн шахмат боюнча чемпиондору жөнүндө кызыктуу маалыматтар, улуу шахматчылар Эмануэль Ласкер, Хосе Рауль Капабланка, Александр Алехин, Михаиль Таль тууралуу жана эч бир эрежеге сыйбаган Роберт Фишердин кайталангыс таланты, татаал тагдыры баяндалган. Автордун Кыргызстанда шахматты жайылтууга эбегейсиз салым кошкон Акылбек Мураталиев тууралуу очерки, айтылуу шахматчы Эмил Молдобаев, кыргыз кыздарынан чыккан чемпион Бакыт Самаганова менен маектери, кезинде шахматта намыска жарап жүргөн Леонид Юртаев, Эрнесто Инаркиев, Светлана Матвеева тууралуу макалалары окурмандарды кызыктырбай койбойт. “Бул китептин баалуулугу кыргыз шахматы жана анын калыптанышы, өргө сүрөгөн ири өкүлдөрү жөнүндө эңциклопедиялык маалыматтарды камтыганында”, — деп белгилеп кетти бет ачардын жүрүшүндө Улуттук “Кабар” агенттигинин директору К.Абдымен. Ал эми “Байчечекей” журналынын Башкы редактору, Кыргыз эл акыны Токтосун Самүдүнов элибизге шахмат ойноо маданиятын жайылтуу маселеси курч турганын айтса, Кыргызстандын Шахмат федерациясынын президенти Милан Турпанов шахмат оюнунун мамлекеттин жана жеке адамдын турмушундагы орду тууралуу ой-пикирин ортого салды.

– Болотбек мырза, шахматтын тили менен айтканда жүрүш бизде болсун. Оболу “Шахмат залкарлары” туурасында кыскача айтып өтсөңүз?

– Чындыгында бул көп жылдык эмгек. Журналисттик тагдырымдагы шахмат боюнча жазган эмгектеримди – интервьюларды, жолугушууларды, макалаларды топтоп окурманга тартууладым. Ойлоп көрсөм кийинки кезде улуттук маданиятыбыз ара жолдо чарпылып, улам жакырланып бараткан-сыйт. Шахмат болсо өзүнчө бир керемет дүйнө эмеспи. Ага тегинен дүйнөдө миллиондогон адамдар кызыгып, ойнобогон чыгар. Шахматтын тарыхында нечен залкарлар өз ысымын өлбөс-өчпөс кылып калтырып кетишти. Алардын айрымдары менен жолугушкан жагдайларым бар эле. Ошолорду топтоп, кыргыз шахмат күйөрмандарына кызыктуу болоор

деген ниет менен жыйнак кылып чыгардым.

– Өзүңүздүн шахматка тиешеңиз барбы?

– Күйөрман, ышкыбоз катары тиешем бар. Анын ажайып дүйнөсүнө аралашып далай убакытты өткөргөм.

– Дүйнөлүк залкар шахматчылар менен жолугушууларыңыздын сырларынан бир аз бөлүшпөйсүзбү?

– Анын жашыруун деле сыры жок. Кезинде Кыргызстандын шахмат федерациясын сыйкырлуу оюндун абдан чоң күйөрманы Акылбек Муратбеков деген аксакалыбыз жетектечү. Ошол адамдын жеке демилгеси менен Кыргызстан СССРдеги шахматтык республикалардын бирине айланган. Шахмат боюнча дүйнөнүн чемпиондору бизге байма-бай каттап, СССРдин эркектер арасында жана аялдар арасында чемпионаты өткөрүлчү. Эл аралык мелдештер уюштурулчу. Ал мелдештерге аттуу-баштуу чеберлер келип, Кыргызстанга шахмат майрамын тартуулап турушкан.

Акылбек аксакал дүйнөнүн чемпиону Анатолий Евгеньевич Карпов менен абдан жакшы мамиледе эле. Ошонун аркасы менен болсо керек, Кыргызстан дүйнөлүк шахмат окуяларына аралашып калган. Ал адам дайыма чемпиондор менен кеңири маек курууга көмөктөшүп жүрдү.

Фрунзеде өткөн СССРдин чемпионатында 1981-жылы дүйнөнүн он үчүнчү чемпиону Гарри Каспаров менен жолугушкам. Ал кезде Гарринин жылдызы жаңыдан жаркырап жанып турган кези. Фрунзеден СССР чемпиону болуп, дүйнөлүк таажыга жолу ачылган. Борбордук Ленин атындагы китепканада Вишванатан Ананд менен жүз көрүшкөнбүз. Жаңылбасам эл аралык шахматтык мелдештин жүрүшүндө. Ошол эле жерден дүйнө чемпиону Майя Чибурданидзеден биринчи интервьюмду алып, таанышкам. Кийин мамиле күтүп, дагы бир нече ирет маектештик. Ал тургай жанында дайыма коштоп жүргөн эне-си менен дагы аңгемелешкен элем. СССРдин чемпиону грузиялык чыгаан шахматчы кыз Нана Иоселиани менен дагы борбор шаарыбыздан маектешкем. Ал эми Грузиянын дагы бир чыгаан шахматчы кыздарынын бир Нана Александрия менен Москвада шахмат тактасында таймашып, учкай сүйлөшүүгө үлгүргөм.

– Атайын бардыңыз беле?

– Жок, “Ленинчил жаш” гезитинин кабарчысы катары 1985-жылы Бүткүл дүйнөлүк жаштардын жана студенттердин фестивалына баргам. Ошол фестивалдын алкагында шахмат боюнча дүйнө чемпиондору, атактуу гроссмейстерлер Армиянын спорт клубунун чоң манежинде бир мезгилде 1050 тактада оюн тартуулаган. Аны угуп алып мен дагы Михаил Таль же Анатолий Карпов менен бир тактада ойносом деген үмүт менен баргам. Тилекке каршы, шахмат ышкыбоздору эки саат мурда келип орундарды ээлеп алышыптыр. Мен Карпов менен беттешсем деп ойлогом, бирок жанындагы тактада олтуруп калыптырмын. Көрсө Нана Александрияга туш келиптирмин. Ошентип грузин шахматчы кызы менен беттешкен жайым бар. Азыр алардын баары тарых энчисине өткөн. Бирок ошонун баарын жыйнап окурмандарга тартууласак, шахмат күйөрмандарына жана ышкыбоздоруна жакшы белек болоору талашсыз.

– Азыркы маданияттын акыбалын эске алганда шахматка кызыгуу канчалык деп ойлойсуз?

– Сөзүңүздүн төркүнүнө түшүндүм. Тур-муш канчалык кыйын болсо дагы коомдогу маданий чөйрө бир аз бөксөргөнү менен биротоло жоголуп кетпейт. Шахматка кызыгуу дагы ошондой. Бирде азайып, бирде күчөп турат. Жыйнактын негизги максаты дагы ошол маданий катмарыбызды калыңдатуу. Элибиздин спорт менен искусствонун айкалышынан бүткөн шахматка – акыл оюнуна кызыгуусун арттыруу. Кудайга шүгүр, азыр Кыргызстанда шахматка кызыгуу күчөп баратат. Бул абдан жакшы. Ошол жакшы ишке дагы бир аз дем бергенге көмөктөшсөк жаман болбос.

–  Шахмат  залкарлары  менен Кыргызстандын шахмат турмушу кандай айкалышат болду экен?

– Алыбай алына жараша демекчи, бизде дагы шахматтык сыймыктарыбыз бар эмеспи. Аялдар арасында Европа чемпиону Светлана Матвеева кезинде Фрунзедеги №13 орто мектепти аяктаган. Эркектер арасында Европанын чемпиону Эрнесто Инаркиев – Оштун кулуну. Акыркы кезде Чыңгыз деген кичинекей шахматчыбыздын дүбүртү Азияны жаңырта баштады. Бешиктеги баланын бек болоорун ким билет. Балким Кыргызстан дүйнөгө залкар бир шахматчы тартуулашы эч ажеп эмес.

Ушул жагдайды эске алып, жыйнакка Кыргызстандын белгилүү шахматчыларына дагы атайын бир бөлүм арнадым. Акыр-кы кезде Анатолий Карпов баягы сексенинчи жылдардай болуп Бишкекке тез-тез каттай баштады.  Англиялык  атактуу  шахматчы Найджел Шорт келди. Мунун баары шахмат чөйрөсүндөгү жакшы саамалык. Ушул жакшы ишти эми улантып кетсек элибиздин маданий көрөңгүсү дагы бир тепкичке көтөрүлөөр эле.

– Маегиңиз үчүн чоң рахмат!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *