Бишкекке 37 жаңы троллейбус алынып келинди

Бишкекке Россиядан жана Белорустан 37 жаңы троллейбус алынып келинди. Бул тууралуу Мэриянын басма сөз кызматы билдиришти.

Маалыматка ылайык, тролейбустар Европалык реконструкциялык жана өнүктүрүү банкы каржылаган “Бишкектин коомдук транспортун өнүктүрүү” долбоору боюнча сатылып алынган. Алардын 15и Белоруста, ал эми 22си Россияда чыгарылган.

Учурда жолдорду оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу жаңы троллейбустардын 70 пайызы колдонууга бериле элек.