«Мөңгү» – этно-экологиялык кинофорум

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында 3 – 6-сентябрда Ысык-Көл облусундагы «Кырчын» этношаарчасында алгачкы эл аралык «Мөңгү» кинофоруму өтөт. Анда этно-экологиялык фильмдер көрсөтүлөт. Фильмдерди көрүү үчүн атайын боз үйлөр жана ачык асман алдында фильмдер көрсөтүлүүчү аянтча уюштурулат.

Эл аралык кинофорумдун милдети – жаратылыш  ресурстарын,  айлана-чөйрөнү коргоого жана биомаданияттын көп түрдүүлүгүн сактоого колдоо көрсөтүү.

– Кинематографиялык маданият аркылуу ааламдашуунун адам баласынын жашоосуна жана планетага тийгизген эки тараптуу оң жана тескери таасирлерин көрсөткүбүз келет. Кинематографисттерге жана көрүүчүлөргө кызыктуу жана чыгармачылык маанай түзүүгө аракет кылуудабыз.

Кинофорум өткөрүлгөн жер кино жаратуучуларга жаңы демилге, чыгармачылык эргүү тартууларына үмүттөнөбүз. «Мөңгү» кинофоруму байыркы кылымдарда жаратылыш гармониясы менен айкалышып жаша-ган көчмөн элдердин маданиятынын кайра жаралуусуна өбөлгө түзсө – максатыбыздын аткарылганы, – дейт Кыргыз Республикасынын Кинематографисттер союзунун башчысы Таалайбек Кулмендеев.

Кинофорумдун алкагында этно-экологиялык  фильмдер,  эл  аралык  жана  улуттук кинематографисттердин, экологдордун, эксперттердин катышуусунда курчап тур-ган чөйрөнү, экологияны коргоо тууралуу атайын көрсөтүүлөр, семинарлар, мастер-класстар өткөрүлмөкчү.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *